Президент Жапаров БАЭнин куралдуу күчтөрүнүн өкүлү менен телефондон сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда. Архив
Президент  Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
Президент Кыргызстан БАЭ менен ачык пикир алмашууга жана жогорку деңгээлде диалогду жандандырууга кызыкдар экенин белгилеген.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын орун басары, шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Встреча президента Кыргызстана Садыра Жапарова с вице-президентом Всемирного банка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Афганистандагы кырдаал. Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга тапшырма берди
Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономика жана инвестиция чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышы жана илдетке каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашкан.

Мамлекет башчы эки өлкөнүн саясий кызматташтыгы туруктуу өнүгүп жатканын баса белгилеп, Кыргызстан БАЭ менен ачык пикир алмашууга жана жогорку деңгээлде диалогду жандандырууга кызыкдар экенин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстандын БАЭ менен экономикалык жана инвестициялык мамилелерди чыңдоого чоң маани берерине токтолуп, бул багыттагы өз ара алакалар тереңдей турганына бекем ишенимин билдирген.

"Жапаров мураскер ханзааданы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүү жана өлкөлөр ортосундагы достукту чыңдоо максатында Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды", — деп айтылат маалыматта.

Шейх Мохаммед бин Заид Аль Нахаян чакырууну кабыл алуу менен Жапаровду дагы БАЭге сапар менен келип кетүүгө чакырды.

"Мохаммед бин Заид Аль Нахаян жакын арада соода-экономикалык байланыштарды жолго коюу жана кыргыз тараптын инвестициялык долбоорлору менен таанышуу максатында Кыргызстанга делегация жиберерин айтты", — деп айтылат маалыматта.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Жапаров Нахаяндын ишмердигине ийгилик каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0