Президенттик администрацияда иштеген Исаков Бишкек мэриянын аппаратын жетектейт

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек мэриясынын имараты. Архив
Бишкек мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
Аппарат жетекчи президенттин ротация боюнча жарлыгынын алкагында которулган. Буга чейин президенттик администрацияда иштеп келген.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Миргазы Исаков Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев кол койгон. Исаков буга чейин президенттин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору болуп иштеп келген.

Ал президент Садыр Жапаровдун ротация боюнча жарлыгынын алкагында которулган.

Костюмчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Трамплин. КР президенттеринин маалымат катчылары кандай кызматтарга көтөрүлгөн?
Миргазы Исаков 1976-жылдын 2-мартында Фрунзе шаарында туулган. Мамлекеттик кызматта мол тажрыйбасы бар экени жазылган. Тагыраак айтканда, Кыргызпатентте, УКМКда, Тышкы иштер министрлигинде, "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде, өкмөттүн аппаратында жана президенттин администрациясында эмгектенген. Мындан сырткары, Пекинде ШКУнун катчылыгында улук эксперт, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Бишкектеги офисинде саясий кеңешчи, ошондой эле эл аралык уюмдардын бир катар долбоорлорунда иштеген.

Дипломатиялык кызматтын экинчи класстагы кеңешчиси рангын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0