Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
Жапаров 5-6-август күндөрү Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарындагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн барган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары Түркмөнстандагы Консультативдик жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары бирдиктүү билдирүү жасашты
Жапаров 5-6-август күндөрү Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарындагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн барган.

Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери региондогу өлкөлөрдүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын маанилүү аспектилерин талкуулашты. Мындан тышкары, эл аралык өнүктүрүүнүн маанилүү темалары боюнча конструктивдүү диалог болду.

Садыр Жапаров энергетика тармагындагы өнөктөштүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чакырып, регион өлкөлөрүнүн ортосундагы соода байланыштарын өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук операциялардын көлөмүн көбөйтүү керектигин айтты. Ошондой эле транспорт-коммуникация жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштады.

"Иш сапардын алкагында Жапаров Түркмөнстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын диалогу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык форуму болуп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0