Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Сапардын алкагында Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына (Түркмөнстан) жөнөп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелери, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чаралар талкууланат.

Сапардын алкагында Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчыны коштоп кеткен расмий делегациянын курамы:

  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;
  • ички иштер министри Улан Ниязбеков;
  • энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев;
  • транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев.
Жаңылыктар түрмөгү
0