Прокуратура: Бакиев Кыргызстанга келсе дароо камалат

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Прокуратура Бакиевдин 7-апрель окуясы жана башка кылмыштар боюнча 30 жылга эркинен ажыратылган жазасы бар экенин эскертти.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Эгер мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстага келе турган болсо, дароо камалат. Мындай билдирүүнү Башкы прокуратуранын маалымат кызматы таратты.

Учурда УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобунун Кумтөр кенин ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатканы белгиленди.

Анын алкагында бир катар аткаминерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына, мурдагы президент Аскер Акаевге коррупцияга шектүү катары айыптоо кабарламасы берилген.

"Курманбек Бакиев эгер Кыргызстанга өзү келсе же укук коргоо органдары тарабынан алып келинсе, ал 2016-жылы 29-июлда чыккан соттун өкүмүнүн негизинде дароо камалат. Ага 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка кылмыштын эпизоддору боюнча 30 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2-августта тунгуч президент Аскар Акаев Кумтөр боюнча тергөөгө сурак берүү үчүн Москвадан келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0