Садыр Жапаров эртең Түркмөнстанга барат. Талкууланчу маселелер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жыйынына катышып, андан сырткары, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жапаров Эрдоганга адам өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты
Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат.

Анын жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынары пландалууда.

Ошондой эле Жапаровдун эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү айтылды. Мындан тышкары, кыргыз делегациясы мүчө-мамлекеттердин экономикалык форумуна, региондогу өлкөлөрдүн лидер аялдарынын форумуна, ошондой эле Борбордук Азиянын улуттук өндүрүштөгү товарларынын жана улуттук тамактарынын көргөзмөсүнө катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0