Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМурдагы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Бактыбек Кудайбергенов. Архив
Мурдагы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Бактыбек Кудайбергенов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Бактыбек Кудайбергенов 2021-жылдын февраль айынан бери Бишкек мэринин милдетин аткарып келе жаткан. Бүгүн министрлер кабинетинин буйругу менен кызматтан алынган.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Эске салсак, Бактыбек Кудайбергенов бүгүн Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулган. Анын ордуна мэрдин милдетин аткаруучу болуп Таалайбек Сарыбашов келди. Ал мурда Оштун калаа башчысы болуп эмгектенген.

Бактыбек Кудайбергенов 2021-жылдын февраль айынан бери мэрдин милдетин аткарып келе жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0