Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан

Аскар Акаев Кыргызстанга келди: азыр эмне болуп жатат. Тексттик баяндама

Жазылуу
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн Бишкек шаарына Кумтөр маселеси боюнча келди.

"Кумтөр" долбоорунун иши боюнча Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевге коррупция беренеси менен издөө жарыяланган.

Тагыраагы, ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаевдин дагы бар экенин айткан.

Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан Акаевдин көп жылдан бери Кыргызстанга биринчи ирет келиши, УКМКдагы сурак берип жатканы боюнча видео, сүрөт жана тексттик маалыматтарды жарыялап турабыз.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:05 02.08.2021
Ознакомление с деятельностью рудника Кумтор президента КР - Sputnik Кыргызстан, 1920
Болгон чындыкты айтайын дедим. Акаев эмне үчүн сурак берүүгө келгенин билдирди
20:36 02.08.2021

Акаевдин саясаттагы жакын адамдарынын бири, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков Акаев УКМКдан чыккандан кийин кичи мекенинн барып, жакындарына куран окутарын айтты.

"Аскар Акаевич, алгач Болот Акаевдин үйүнө, андан соң Кеминде болуп, улуу агасы Асанкул Акаевдин үйүнө барып куран окутат", - деди Талгарбеков. 

20:20 02.08.2021

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата Журтка, элибизге келип отурам. Ошондуктан мамлекет башчы Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирем. Ал киши менен резиденцияга барып жолугуп, учураштым."Ушундай жол ачып бергениңизге рахмат" деп ыраазчылыгымды билдирдим", - деди Аскар Акаев. 

 

20:14 02.08.2021
20:13 02.08.2021

Акаев УКМКнын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кумтөр боюнча азырынча жооп бере албастыгын айтты. 

19:25 02.08.2021
Аскар Акаев вышел из ГКНБ. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920
Аскар Акаев УКМКдан чыкты. Видео
17:37 02.08.2021
17:34 02.08.2021
16:55 02.08.2021
16:34 02.08.2021
Прилет Аскара Акаева в Бишкек - Sputnik Кыргызстан

УЧурда УКМКнын имаратынын тегерегинде Кайгуул милициясынын кызматкерлери жана журналисттер жүрөт.

16:29 02.08.2021
Ситуация в Кыргызстане во время мартовских событий 2005 года - Sputnik Кыргызстан, 1920
Акаев тактан кантип тая баштаган? Түштүктө "жоогазын ыңкылабын" даярдашкандардын баяны
16:26 02.08.2021
Подписание четырехстороннего договора между Россией, Белоруссией, Казахстаном и Кыргызстаном - Sputnik Кыргызстан, 1920
Жапаров: Акаев чыккынчылык экенин билип туруп Кумтөр боюнча келишим түзгөн
16:16 02.08.2021
Прилет Аскара Акаева в Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920
Акаев учактан түшүп келе жаткан сүрөт. "Манас" аэропортундагы бүгүнкү ирмем
16:16 02.08.2021

 Аскар Акаевдин ведомстволор аралык тергөө тобуна берилгени маалым болду. 

 

16:13 02.08.2021

УКМК ал Бишкекке келгенден кийин дароо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттине сурак берүү үчүн алып келингенин кабарлады. 

"Акаев "Кумтөр" келишиминдеги коррупциялык иштер боюнча ошол кездеги башка кызмат адамдары сыяктуу эле кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Тагыраагы, ал президент кездеги бул коррупцияга катыштыгы бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилген", — деп айтылат билдирүүдө.

 

 

16:10 02.08.2021
16:08 02.08.2021
Жаңылыктар түрмөгү
0