Казакбаев түркмөн кесиптеши менен БА президенттеринин жолугушуусун талкуулады

© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Сүйлөшүү түркмөн тараптын демилгеси менен уюштурулган. ТИМ башчылары 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусун уюштуруу тууралуу пикир алмашкан.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев түркмөн тараптын демилгеси менен Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, эки мамлекеттин ТИМ башчылары 2021-жылдын 5-6-августунда Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусун уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелерди талкуулашкан.

"Казакбаев менен Мередов боло турчу иш-чаранын мазмундуу бөлүгүн талкуулап, анын алкагында кабыл алууга пландаштырылган көп тараптуу документтерге өзгөчө көӊүл бурушту. Тараптар Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу жогорку деӊгээлде өтүп, регионалдык кызматташууну андан ары бекемдөөгө жана кеӊейтүүгө дем берерине ишеним артышты", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, ТИМ башчылары президенттердин жолугушуусунда өтө турган бир катар маанилүү иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алмашканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0