Бишкек шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстандан" Конгантиев төрага болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык кеңешин депутаты Кубанычбек Конгантиев
Бишкек шаардык кеңешин депутаты Кубанычбек Конгантиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Талапкерлер эң көп добуш алган эки партиядан көрсөтүлдү. Шайлоо бюллетень менен жашыруун түрдө добуш берүү аркылуу жүргүзүлдү.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Көпчүлүк коалиция бул кызматка жалгыз талапкер катары "Ата-Журт Кыргызстандан" Конгантиевди көрсөткөн.

Шайлоо бюллетень менен жашыруун түрдө добуш берүү аркылуу жүргүзүлдү.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйын учурда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Бишкек шаардык кеңешинде эки фракция оппозицияда калды
Натыйжада депутаттардын 41инин макулдугу менен Конгантиев төрага болуп шайланды. Экөө каршы, экөө калыс добушун берди.

Конгантиев 2012-жылдан бери Бишкек шаардык кеңештин депутаты болуп келген. 

Бишкек шаардык кеңешине жаңы шайланган депутаттар бүгүн мандат алып, расмий түрдө кызматка киришишти. Учурда жаңы чакырылыштын алгачкы сессиясы өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0