Бишкек шаардык кеңешинде эки фракция оппозицияда калды

© Sputnik / Эламан КарымшаковБишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйын учурда
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйын учурда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Көпчүлүк коалициянын лидери болуп Таалайбек Дайырбеков жана анын орун басарлыгына Олег Попиков бекитилди.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бүгүн ишин баштаган Бишкек шаардык кеңешинин коалициялык көпчүлүгү төрт партиядан куралды.

Алар — "Ата-Журт Кыргызстан", "Эмгек", "Ишеним" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары.

Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси чыкты. Аты-жөнү
Көпчүлүк коалициянын лидери болуп Таалайбек Дайырбеков ("Ишеним" фракциясы), анын орун басарлыгына Олег Попиков ("Өнүгүү — Прогресс" фракциясы) бекитилди.

Ал эми "Ынтымак" менен "Социал Демократтар" фракциялары оппозицияда калды.

Бишкек шаардык кеңешине жаңы шайланган депутаттар бүгүн мандат алып жана ант берип, расмий түрдө кызматка киришти. Учурда жаңы чакырылыштын алгачкы сессиясы өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0