Босого 5%, аялдардын квотасын азайтуу. Парламент жаңы шайлоо мыйзамын колдоду

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖогонку Кеңештин имараты. Архив
Жогонку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Эми 36 депутат мажоритардык (бир мандаттуу), 54ү преференциалдык (партия жана анын ичиндеги талапкерди тандоо) система менен шайланат.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Парламент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу президент Садыр Жапаров сунуштаган мыйзам долбоорун бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.

Жогорк Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Фейктер боюнча Асылбаеванын мыйзамы кайра добушка коюлуп, депутаттар колдоду
Бүгүнкү жыйынга документ өзгөртүү менен киргизилди. Ага ылайык, 36 депутат мажоритардык (бир мандаттуу), 54ү преференциалдык (партия жана анын ичиндеги талапкерди тандоо) система менен шайланат. Ал эми босого чек үчтөн беш пайызга көтөрүлгөн. "Ар бир төртүнчү депутат аял болсун" деген квота киргизилди.

Жыйында сүйлөгөн депутаттар президент бир мандаттуу шайлоо системасын калтырууну талап кылып, "калганын өзүңөр чечкиле" деп айтканын билдиришти.

Натыйжада 107 депутат макул, экөө каршы добуш берди. Эми мыйзам долбооруна президент кол койсо күчүнө кирет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0