ЖК депутаты: Садыр Жапаров бизди сый тамакка чакырды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архивное фото
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, мындай сый тамак жыл сайын уюштурулат жана бул жолу эч кандай саясий маселе талкууланбайт.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров сессиялар жыйынтыкталып жатканына байланыштуу парламент депутаттарын сый тамакка чакырды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, мындай сый тамак жыл сайын уюштурулат жана бул жолу эч кандай саясий маселе талкууланбайт.

Анткен менен айрым парламентарийлер шайлоо боюнча мыйзам долбоору талкууланарын айтса, башкалары эмне үчүн чакырылганын таптакыр билбей турганын билдиришти.

Принесение присяги членами правительства в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жапаров менен Ташиевдин жаратылыштагы сүрөтү: бири сүйлөп, экинчиси берилип угуп...
Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жапаровдун депутаттар менен бейрасмий жолугушуусу пландалганын, учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болорун айтты.

Буга чейин аталган жолугушууга чакыруу алганын депутат Айсулуу Мамашова айтып, иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөрүн кошумчалаган.

Белгилей кетсек, өткөн жумада 21-июль күнү да ЖК депутаттары Садыр Жапаров менен жолугуп, шайлоо системасы боюнча сунушталган мыйзам долбоору ортого салынган. Анда эл өкүлдөрүн ЖК имаратынын жанынан автобуска салып алып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0