Депутат Төрөбай Зулпукаровдун абактагы мөөнөтү эки айга узартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Төрөбөй Зулпукаров. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбөй Зулпукаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Буга чейин соттун чечими менен Асылбек Жээнбековдун дагы бөгөт чарасы каралып, камактагы мөөнөтү узартылган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбөй Зулпукаровдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, эл өкүлү соттун чечимине ылайык, 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Кумтөр кениндеги самосвал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
"Кумтөр" кимдерди ала жатат. Ташиев Акаев, Бакиев баш болгон бир топ ысымдарды атады
Буга чейин Асылбек Жээнбековдун дагы бөгөт чарасы каралып, камактагы мөөнөтү узартылган. Соттун имаратынын алдына эки депутаттын 300гө жакын тарапташы чогулган.

Эскерте кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров Кумтөр иши боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") негизинде шектелип, 31-июлга чейин камакка алынган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0