Эсептөө палатасынын аудиторун 9дан 3кө чейин кыскартуу мыйзамы сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭсептөө палатасынын имараты. Архив
Эсептөө палатасынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Мындай демилгени депутаттар — Эмил Токтошев, Шералы Абдылдаев, Улан Примов, Тариел Жоробеков жана Арысланбек Акбаров көтөргөн.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Эсептөө палатасындагы аудиторлордун санын кыскартып, үчөөнү гана калтыруу боюнча конституциялык мыйзам долбоору сунушталды.

Демилгечилер — Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Шералы Абдылдаев, Улан Примов, Тариел Жоробеков жана Арысланбек Акбаров.

Кыргыз Республикасынын өкмөт үйүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Сыйлыгы болсо камалбайт. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө каралган кепилдиктер
Мыйзам долбоорунда аудиторлордун санын тогуздан үчкө чейин кыскартуу каралган. Эсептөө палатасынын кеңешинин курамы төрагадан, эки текшерүүчүдөн, аппарат жетекчисинен, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринен түзүлөт. Ал эми анын персоналдык курамы төрага тарабынан аныкталат.

Конституциянын 108-беренесине ылайык, Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, бюджеттик эмес каражаттардын, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин аткарылышына аудит жүргүзөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0