10:13 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
143 0 0

Башкы прокуратура Украинадан Крым блокадасын, улуттук азчылыктын укугун чектөөнү, орус тилдүү каналдардын иштөөсүнө тыюу салууну жана орус тилдүү басылмалар менен интернет-платформалардын жеткиликтүүлүгүн чектөөнү токтотууну талап кылууда.

Россиянын Башкы прокуратурасы 22-июль күнү тарыхында биринчи жолу Европанын адам укугу боюнча сотуна (ЕАУС) мамлекеттер аралык арыз менен кайрылды. Анда Украинага адам укугун коргоо боюнча Европа кеңешинин конвенциясын бузганы айтылып, 10 доо коюлган. Тышкы саясат магистри, укук таануучу Ольга Сухаревская ЕАУС Россиянын арызы адилеттүү каралуучу жер эмес деп эсептейт. Эксперттин бул аракеттин максаты эмне, документтин келечеги кандай деген суроолорго жообун төмөндөгү макаладан окууга болот.

Кабыргасынан коюлган маселе

ЕАУСка мамлекеттер аралык доо арыз менен кайрылуу тажрыйбасы азырынча жаңылык. Аталган сот адам укугу бузулган өлкөлөрдүн жарандарынын кайрылуусун териштирүүгө басым жасайт. Ошентсе да Европа соту 24 мамлекеттер аралык арызды караган. Россия да Украинага даттанып, аталган сотко кайрылуусу дал ушундан болсо керек.

Доо арызда Украинанын 2014-жылы бийликтин күч менен алмашуусунан кийинки адам укугун бузганы тууралуу айтылат. Анда негизинен:

  • карапайым калктын кырылышы, Майданда, Одесса менен Донбасста адамдарды мыйзамсыз эркинен ажыратуу, катаал мамиле жасоо;
  • Россияга чектеш жердеги аткылооодон адамдардын өлүмү;
  • сөз эркиндигин басуу;
  • орус тилдүү калкты дискриминациялоо;
  • Донбасс тургундарын добуш берүү укугунан ажыратуу бар.

Андан тышкары, Киев Крымды суу блокадасына тушуктурган деп айыпталып жатат. Мындан жарым аралдын экономикасына 1,4 триллион рубль зыян келтирилген.

Башкы прокуратура Украинадан Крым блокадасын, улуттук азчылыктын укугун чектөөнү, орус тилдүү каналдардын иштөөсүнө тыюу салууну жана орус тилдүү басылмалар менен интернет-платформалардын жеткиликтүүлүгүн чектөөнү токтотууну талап кылууда.

Күтүлгөндөй эле жазаланбай көнгөн Украина Россиянын доосун мыскылдап кабыл алды. Өлкө ТИМинин башчысы Дмитрий Кулеба: "Европа сотунун ишине кийлигишпей туруп эле бул доо арыздын канааттандырылышына эч кандай жол жок экенин ишенимдүү айта алам. Сотко Россия пропагандалоо максатында кайрылып жатат. Маалыматтык чуудан жана бекерге кеткен убакыттан башка пайда жок", - деди.

Дипломаттын ордунда мынчалык ооз көптүрбөйт элем.

Буга Грузиянын Россияга каршы жолдогон доо арызы мисал. Европа соту 12 жылдык кароодон кийин "2008-жылдын 8-12-августунда Грузия армиясынын тынчтык орнотуучу контингент менен жергиликтүү калкка жасаган чабуулун кайтарууда Россия Федерациясына Адам укугун коргоо тууралуу конвенциясы боюнча жоопкерчилик жүктөлбөйт" деген тыянак чыгарып берген. Мындан тышкары, Европа соту Грузиянын россиялык күчтөр 2008-жылы 7-августта Түштүк Осетияга кирип барган деген айыптоосун четке каккан.

Мунун баары эл аралык сот инстанциялары эч убакта бир тараптуу чечим чыгарбай турганын көрсөттү. Украина мындай абалга Румыния менен Змеиный аралы боюнча талашта кабылган. Бирок Украина ТИМи тарыхтан сабак албайт шекилдүү.

РФ Башкы прокуратурасынын арызын Украинанын 9 доосуна жана ПАСЕнин бир тараптуу резолюциясына жооп катары кабыл алсак болот. ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, "каржыланып, өздөрүн акыйкаттыктын акыркы инстанциясы атаган бул структуралар эми жөнөтүлгөн материалдын көлөмүн көрбөй-сезбей көрүшсүн".

Башкача айтканда, Европа кеңешинин сот органы Россиядан доо арыз алган соң Украинадагы адам укугунун бузулган учурларын фантазия эмес анык документтердин негизинде дыкат иликтөөгө мажбур болот. ЕАУСтин эл аралык кадыр-баркы да эми ишти кандай караарынан көз каранды болуп калмакчы.

Киевдин кылмыштары каттоого алынды

Россия Украинага адам укугу боюнча нааразы болгон жалгыз мамлекет эмес. Күчтөп украинизациялоо жана улуттук азчылык менен орус тилдүү калкты ассимиляциялоо көңүл сыртында калган жок. Акыркы жылдары Украинада башталгыч, орто жана жогорку билимди өз тилинде алууга тыюу салган билим берүү тууралуу мыйзам кабыл алынды. Бул эбак эле Румыния, Венгрия, Польшанын нааразычылыгын жаратып, ПАСЕ резолюциясында да белгиленген. Ассамблеянын пикиринде, аталган мыйзамдын артында "өз тилинде окуу боюнча улуттук азчылыктын укугун кыскартуу" жатат. ПАСЕ украин бийлигине аталган маселени кайрадан карап чыгууга кеңеш берген.

Киев ПАСЕнин бир да сунушун эске алган жок. Тескерисинче, "Украин тилинин мамлекеттик тил катары иштеши" тууралуу дискриминациялык мыйзам нормалары кабыл алынып, анда айыпка жыгуу жана кылмыш ишин козгоо опузасы менен уюм, саясий партия, менчигинин түрүнө карабай бардык ишканалардын кызматкерлерин жалаң гана украин тилинде сүйлөөгө милдеттендирүү каралган.

Өз тилинде сүйлөөгө тыюу салган норма жакында эле Украинанын Конституциялык соту тарабынан баш мыйзамга туура келет деп таанылды. Буга кошумча, "түпкү элдер тууралуу" мыйзам кабыл алынып, Украинадан тыш өз мамлекети бар элдерди укуктук талаадан "сүрүп" чыгарып салды.

Украинадагы адам укугу боюнча абал тууралуу акыркы баяндамада (2021-жылдын 1-февралынан 30-апрелге чейин) жарандарды Украина аймагында пенсия, социалдык кызмат, билим алуу, иштөө жана саламаттык сактоо жаатында тейленүүсүнө тыюу салуу, СБУнун жашыруун түрмөлөрүнүн иштеши, Одесса, Майданда болгон кылмыштарды жана саясий максатта киши өлтүрүүлөрдү иликтөөнүн бир орунда турушу сыяктуу мыйзам бузууларды каттаган. БУУ дагы Раданы "улуттук азчылыктын укугун коргоо боюнча мыйзам иштеп чыгууга" үндөп келет.

Кызыгы, Киев "Донбасс улутундагы жактарды" атайылап дискриминацияга тушуктуруп жатканын мыйзам чегинде таанып келет. Мындан улам Россия тараптын дооматын эске албаганда да доо арызды эл аралык уюмдардын деңгээлинде кароого негиз жетиштүү.

Келечеги барбы?

Россия бир катар айыптоолорду далилдеп бере алса керек. Мисалы, күчтөп ассимилияциялоо жана улуттук азчылыктын укугунун бузулушу бир катар эл аралык структуралар тарабынан да аныкталды. Эл аралык резолюциялардын талабында камтылган Донбасс тургундарынын шайлоо укугунан ажыратылышы да күмөн санатпайт.

Ал эми Донбасстагы кырдаал, Крымдын суу блокадасы, Майдан, Одесса, Мариуполдо карапайым калктын өлтүрүлгөнүн далилдөө кыйын болуп калчудай. Мында кеп Батышка таандык эл аралык структуралардын Крым менен Донбассты Украинанын жери деп, ал эми Россиянын аракеттерин "оккупация жана аннексия" деп тааныганында эмес. ЕАУСтин негизи эле тынчтык жана согуш, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү жана башка аскердик жаңжал багытындагы эл аралык укук боюнча маселелерди чечүүгө укугу жок. Бул Эл аралык кылмыш сотунун компетенциясына көбүрөөк тиешелүү.

БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссар башкармалыгы Украина жаңжалы эл аралык мүнөзгө ээ эмес деген жыйынтык чыгарган. Бул багыттан алып караганда Донбасс менен Крым жашоочуларынын доо арызынын келечеги бардай.

Процесс узакка созулчудай болуп турат, анткени ЕАУС Украинанын кызыкчылыгына каршы келген чечимдерден оолак болууга аракет кылат. Бирок териштирүү учурунда Украина бийлигинин бир катар кылмышын ачыктап, Европадагы сот адилеттүүлүгүнө баа берүүгө болот. Бул акыйкаттык издеген Европа тургундары үчүн маанилүү аргумент болуп бермекчи.

Тема боюнча

Байден Меркель экөө "Түндүк агым" боюнча ымалага келишти. Украина унчукпашы керек
Белгилер:
Европа, сот, Россия, Украина, бийлик, кылмыш, адам укугу, Донбасс, Крым, арал, саясат

ЭҢ МААНИЛҮҮ