02:50 31 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
164 0 0

Кеп башкаруу тартибине каршы укук бузуулар, кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстери жөнүндө болуп жатат.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңеш үч кодекстин долбоорун үч окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Сөз башкаруу тартибине каршы укук бузуулар, кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстер тууралуу болуп жатат.

Бүгүн, 22-июлда, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко 12-июлда комитет парламенттик угуу өткөргөнүн белгиледи. Анын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинети, Акыйкатчы институту, бизнес-омбудсмен жана жарандык коомчулуктан көптөгөн сунуш-пикирлер түшкөн.

Кылмыш кодексинин долбоору боюнча 139 сунуш түшкөн, анын көбү кабыл алынганы парламенттин сайтында белгиленет.

"Негизги талкуу аталган кодекстердин 2021-жылдын 1-сентябрында же 2022-жылдын 1-январында күчүнө кирери жөнүндө болду. Добуш берүүнүн жыйынтыгында биринчи дата тандалды", — деди Никитенко.

Депутат Дастан Бекешев жаңы кодекстердин 1-сентябрдан тарта ишке киришине тергөөчүлөрдүн, соттордун, адвокаттардын, нотариустардын жана башка кызыкдар тараптардын даярдыгына кызыкты. Буга башкы прокурор Курманкул Зулушев бардык тараптардын макулдугу бар экенин айтып ишендирди.

Ошондой эле ал учурда 43 миңден ашык жарандын укугу бузулгандыгы жөнүндө арыздар бар экенин, дагы төрт ай күтө алышпай турганын кошумчалады.

Тема боюнча

Бишкек менен Оштун шаардык кеңеши мэрликке талапкер көрсөтө албайт. Долбоор
Акимдердин президенттикиндей эле кол тийбестиги болот. Мыйзам долбоор
Белгилер:
Кыргызстан, парламент, кодекс, окуу, талкуу, сунуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ