Депутаттар Жапаровдун мыйзам долбоорун бир шарт менен колдоп беришти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызской Республики Садыр Жапаров
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Кечээ күнү депутаттар Садыр Жапаровго барышкан. Бүгүн талкуудан кийин президент сунуштаган мыйзам долбоордун концепциясын жактырышты.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаров демилгелеген шайлоолор жөнүндөгү мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды.

Документке ылайык, партиялык система менен 120 депутатты шайлоо практикасы жоюлуп, аралаш системага өтөт. Жаңы Конституция боюнча парламентте 90 депутат болот. Алардын 35и бир мандаттуу округдан, калган 55и партиялык система менен келет.

Кечээ күнү депутаттар Жапаров менен жолугуу үчүн "Ала-Арча" резиденциясына барышкан

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловДепутат Рыскелди Момбеков
Депутаттар Жапаровдун мыйзам долбоорун бир шарт менен колдоп беришти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Депутат Рыскелди Момбеков
"Эл өкүлдөрүнүн айтымында, кечээ президент мандаттар боюнча элдин оюн эске алууну суранып, бирок преференциалдуу системага каршы эместигин билдириптир. Президент 55-56 депутат кайсы система менен шайланышын биз өзүбүз чечишибиз керектигин айтыптыр. Келгиле, ушуну чечишип алалы", — деди депутат Рыскелди Момбеков кесиптештерине кайрылып.

Ага төрага Талант Мамытов жооп берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТөрага Талант Мамытов
Депутаттар Жапаровдун мыйзам долбоорун бир шарт менен колдоп беришти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Төрага Талант Мамытов

"Биринчи окууда негиз катары мыйзамды кабыл алышыбыз керек. Экинчи окууда өзгөртүүлөр киргизилет", — деди спикер.

Депутат Бакыт Төрөбаев экинчи окууда мыйзам долбоор ЖКнын конституциялык мыйзамдар боюнча комитетине түшөрүн айтты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Бакыт Төрөбаев
Депутаттар Жапаровдун мыйзам долбоорун бир шарт менен колдоп беришти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Депутат Бакыт Төрөбаев

"Биз концепцияны биринчи окууда кабыл алабыз. Экинчи окууда мыйзам долбоор биздин комитетке келет. Биз мыйзамдын "ээси" болуп калабыз, БШК жетекчисинин кереги жок болот. Ал жерде биз бардык маселелерди карап, экинчи окууга жөнөтөбүз", — деди ал.

Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов Төрөбаевди колдоду. 

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловЭл өкүлү Алтынбек Сулайманов
Депутаттар Жапаровдун мыйзам долбоорун бир шарт менен колдоп беришти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов

"Комитетте биз преференциалдык система боюнча өзгөртүүлөрдү киргизе алабыз. Эгер ал жакта оюндар баштала турган болсо экинчи окууда өзүбүздүн сөзүбүздү айтабыз. Баскычтар биздин колдо", — деди ал.

Ал эми Жанар Акаев эркекче келишим түзүүгө чакырды. 

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Жанар Акаев
Депутаттар Жапаровдун мыйзам долбоорун бир шарт менен колдоп беришти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Депутат Жанар Акаев

"Эгер кайсы бир себептерден улам преференциалдык системадан баш тартылса, анда биз экинчи окууда мыйзам долбоорду өткөрбөйбүз деп өз ара биригип, сүйлөшүп алышыбыз керек", — деди Акаев.

Жыйынтыгында 99 депутат "макул", алтоо "каршы" деген добуш берди. Жалпы 106 депутат пикирин билдирди.

Преференциалдык системаны буга чейин Алтынбек Сулайманов сунуштаган. Ага ылайык, шайлоочу партияны гана эмес, анын курамындагы талапкерлерди дагы тандайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0