Облус жетекчилери эми Садыр Жапаровдун өкүлү болуп калды. Жаңы жарлык

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка президента Садыра Жапарова в Нарынскую область
Рабочая поездка президента Садыра Жапарова в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Облус жетекчилерин президент өзү же министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу менен кызматка дайындап же бошото алат.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Мурда өкмөттүн өкүлү болгон облус жетекчилери жаңы жарлыктан кийин президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болмокчу. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындай өзгөрүүлөр президент Садыр Жапаровдун чыгарган жарлыгынан кийин болот.
"Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр институту Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлсүн", — деп айтылган жарлыкта.
Маалыматка караганда, бул чечим "натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо, облустарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында" кабыл алынган.
Президенттин кеңешчиси болуп дайындалган  Бекбосун Бөрүбашов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жапаров жаңы Баш мыйзамдын долбоорун жазган Бөрүбашовду кеңешчи кылып алды
Министрлер кабинетине бир айлык мөөнөттө президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү; эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул жарлыктын жоболоруна ылайык келтирүү тапшырмасы берилген.
Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо аны президент өзү же министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу менен кызматка дайындап же бошото турганы айтылган. Ыйгарым укуктуу өкүл түздөн-түз президентке жана министрлер кабинетинин төрагасына баш ийип, отчет берет.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0