Жапаров жаңы Баш мыйзамдын долбоорун жазган Бөрүбашовду кеңешчи кылып алды

© Sputnik / Жоомарт УраимовПрезиденттин кеңешчиси болуп дайындалган Бекбосун Бөрүбашов. Архив
Президенттин кеңешчиси болуп дайындалган  Бекбосун Бөрүбашов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Бөрүбашов Кыргыз-Россия Славян университетинин юридика факультетинин кафедра башчысы болуп иштеп келген.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бекбосун Бөрүбашов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Бөрүбашов Кыргыз-Россия Славян университетинин юридика факультетинин кафедра башчысы кызматын аркалайт. Буга чейин ал президенттик башкаруу формасына ыктаган өлкөнүн жаңы Баш мыйзамын даярдоодо Конституциялык кеңешмени жетектеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0