Жапаров сунуштаган мыйзам өтпөсө, депутаттардын мөөнөтү 6 айга узарышы мүмкүн

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаОфициальное открытие очередной сессии Жогорку Кенеша VI созыва
Официальное открытие очередной сессии Жогорку Кенеша VI созыва  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Эл өкүлү социалдык тармактарда "депутаттар мөөнөтүн узартуу үчүн мыйзам долбоорун кабыл албай жатат" деп жазып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Шайлоо боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбооруна депутаттардын көпчүлүгү каршы пикирин билдирди.
Аталган долбоор шайлоо мыйзамдарын жаңы Конституцияга дал келтирүү максатында даярдалган. Ал президент тарабынан демилгеленип, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте баяндама жасады.
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Депутат Тиллаев: бул мыйзам долбоору өтсө, өлкөдө тополоң, революция болот
Бул демилге эл өкүлдөрүнүн жоон тобун канааттандырган жок. Рыскелди Момбеков менен Улугбек Садиков аралаш система менен (мажоритардык жана пропорционалдык) шайлоодо байлар гана парламентке келе аларын белгилешти. Жаштар, аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жол берилбейт.
Каныбек Иманалиев бул Кыргызстанды катастрофага алып барарын айтса, Таабалды Тиллаев акыр-аягы тополоң, революция менен бүтөрүн билдирди. Андыктан документти артка кайтарууга чакырды.
Ошол эле учурда депутаттардын көпчүлүгү каршы чыгуу менен өздөрүнүн мөөнөтүн узартуу максатын көздөбөгөнүн айтышты. Себеби эгер аталган мыйзам долбоору өтпөй калса, кайра алты айдан кийин каралат.
"Мына, кесептештеримдин баары айтып жатат... "Өзүбүздүн мөөнөтүбүздү узартабыз" деген да сын-пикирлер болуп жатат. Эгер бул мыйзам кабыл алынбай калса, депутаттык мөөнөтүбүз кеминде алты айга узарып калат", — деди Бактыбек Турусбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Момбеков Шайлдабековага: октябрь окуясынын зыянын Жээнбеков, пайдасын сиз көрдүңүз
Ал эми Бактыбек Райымкулов мыйзамдын кемчилигин сындап жатканын айтып, парламенттин мөөнөтүн узартууга ким кызыкдар болсо атын аташын талап кылды. Андыктан жумушчу топ түзүп, мыйзам долбоорун кайра жакынкы аралыкта иштеп чыгууну сунуштады.
Андан соң Турусбеков социалдык тармактарда "депутаттар мөөнөтүн узартуу үчүн мыйзам долбоорун кабыл албай жатат" деп жазып жатканын белгиледи.
Талкуунун натыйжасында демилге биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Жаңы Конституцияга ылайык, депутаттардын саны 120дан 90го чейин кыскартылган. Анын 35и бир мандаттуу округдан, 55и партиялык система менен шайланат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан тааныша аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0