20:53 25 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
52 0 0

Мирлан Арстанбаев 2019-жылы Японияга элчи болуп дайындалган. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу кызматын да аркалаган.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппиндеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Буга байланышкан жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси ишин айкалыштырып, Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалайт.

Мирлан Арстанбаев 2019-жылдын март айында Японияга элчи болуп дайындалган. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинин бир катар кызматтарында иштеген. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу кызматын да аркалаган.

Арстанбаев Ош шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 47 жашта.

Тема боюнча

Үй-бүлөсүнүн байлыгын көрсөтүшү керек. Депутаттарды шайлоо мыйзамынын чоо-жайы
Жапаров, Текебаевди соттогон судья Жаңыл Мамбеталы кызматтан бошотулду
Белгилер:
элчи, дайындоо, жарлык

ЭҢ МААНИЛҮҮ