"Золотой", олигархтар келет. Депутаттар Жапаровдун шайлоо мыйзамын сындады

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Улугбек Садиков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Садиков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Шайлдабекованын айтымында, демилгеде партиялардын талапкерлерди көрсөтүү монополиясын жоюу жана көз карандысыз талапкерлерге мүмкүнчүлүк берүү каралган.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары президент тарабынан сунушталган шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү демилгесин сындады.
Эл өкүлдөрү пропорционалдык жана мажоритардык система менен ЖК депутаттары тандалса байлар менен партия лидерлери гана өтө турганын айтууда.
"Нуржан Кармабековна, сизди тажрыйбалуу адам катары сыйлайм, бирок бүгүн сизди тааныбай турам. Эгер бул мыйзам өтүп калса пропорционалдык системада үч пайыздык босого менен 10дон ашык партия келет. 55 мандатты бөлө келгенде ар бирине беш-алтыдан тиет экен. Анда парламентке партия лидери жанындагы эки "золотою" жана эки олигарх менен келет. Ал эми мажоритардык системада гендердик теңдик сакталган эмес, жаштар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар шайлана албайт. Сиз ушуну каалап жаттыңыз беле?" — деди депутат Улугбек Садиков.
Шайлдабекова сунушталган мыйзам долбоорунда партиялардын талапкерлерди көрсөтүү монополиясын жоюу жана көз карандысыз талапкерлерге мүмкүнчүлүк берүү каралганын билдирди. Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровго мыйзам долбоорунун эки вариантын сунуштап, азыркысын тандаганын айтты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Тарбиясыздык, уят болот! Шайлдабекова менен Жеенчороевдин айтышкан видеосу
Эл өкүлү Жыргалбек Турусбеков дагы азыр бул система менен бир партиядан 5-6 депутат шайланса элге берген убадасын аткара албастыгын белгиледи. Аны менен катар пропорционалдык системада байлар, партия лидерлери, бир мандаттуу округдан да байлар эле шайланып, жаштар келе албастыгын эскертти.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан тааныша аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0