Жапаров, Текебаевди соттогон судья Жаңыл Мамбеталы кызматтан бошотулду

© Фото / пресс-служба Верховного судаЖогорку соттун судьясы Жаңыл Мамбеталы. Архив
Жогорку соттун судьясы Жаңыл Мамбеталы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Жаңыл Мамбеталы кызматта отурган маалында президент Садыр Жапаровду, саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Аида Салянованы соттогон.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жогорку соттун судьясы Жаңыл Мамбеталы кызматтан бошотулду.
Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов аталган судья өз ыктыяры менен арыз жазганын айтып, кызматтан бошотуп берүүнү депутаттардан суранды.
Искоренение коррупции в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Өлкөдө азыр бир да судья пара албай калды. Ташиевдин билдирүүсү
Эл өкүлү Ирина Карамушкина судья Жаңыл Мамбеталы мурда азыркы президент Садыр Жапаровго эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарганын айтып, "өч алуу болуп жаткан жокпу?" деп сурады.
Президенттин өкүлү судья өз ыктыяры менен кетип жатканын билдирди. Натыйжада 60 депутаттын макулдугу менен судьялыктан бошотулду.
Белгилей кетсек, Жаңыл Мамбеталы буга чейин президент Садыр Жапаровду, саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовду соттогон.
Жаңылыктар түрмөгү
0