Тарбиясыздык, уят болот! Шайлдабекова менен Жеенчороевдин айтышкан видеосу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБорбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архив
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Депутат БШК төрайымына кайрылып, элдин депутаттарга көңүлү тойбогону таза шайлоо өтпөгөнүнө байланыштуу экенин айтты.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Саясий партиялар өздөрү партиялык институтту дискредитация кылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Бүгүн парламентте президент тарабынан сунуштаган шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү демилгеси каралды. Ага ЖК депутаттарын бир мандаттуу округдан 35, партиялык система менен 55 мандат берүү нормасы киргизилген.
"Партиянын ичиндеги коррупцияны көрүп жатабыз, партияларга жакшы шарттар түзүлгөн. 10 жыл бою өнүгүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышкан. Азыркы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда да партиялар маанилүү институт. Ошондуктан 55 орун берилген", — деди Шайлдабекова.
Андан соң депутат Мирлан Жеенчороев чыгып БШК төрайымына кайрылып, элдин депутаттарга көңүлү тойбогону таза шайлоо өтпөгөнүнө байланыштуу экенин айтты.
Жогрку Кеңештин депутаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Фамилиясын жаза албагандарчы? ЖК депутаты болууга жогорку билим талап кылынбайт
"Сиз өзүңүздөгү төөнү башканын көзүнө түртүп жатасыз. Саясий чөйрөдө хамелеондор чоң көйгөй жаратат. 2017-жылы эбегейсиз административдик ресурс колдонгондо, атаандашына кылмыш ишин козгогондо сиз башыңызды катып отуруп алгансыз. Ал эми 2020-жылы эки партия акча таратып, админресурс колдонгону боюнча сизге толтура арыз жазганда чечим кабыл албай койгонсуз. Саясий, карьералык кызыкчылыгыңардын негизинде унчукпай отуруп алдыңар. Партияларда, албетте, күнөө бар, бирок эң чоң күнөө үч-төрт шайлоону өткөргөндөрдө", — деди Жеенчороев.
Ошондой эле депутат Шайлдабекованын буга чейин "ЖКда отурган партиялар өзүнүн институтун дискредитация кылып, ишинин маңызын билбей койду" дегенин сындады.
"Кечээ күнү эле биз менен иштешип, жети жыл бою кол кармашып жүргөн киши бүгүн өзүнүн саясий боёгун жоготуп, ушинтип атырылып жатат. Бул бери жагын айтканда тарбиясыздык, этикага жатпайт. Күнөөнү бир тарапка шылтап коюп мен тазамын дегенден алыс болушу керек. Уят болот!" — деди депутат.
Бирок БШК төрайымы антип эч кимге интервью бербегенин айтып, депутатты туура эмес маалымат таратпоого чакырды.
Мындан улам Жеенчороев Шайлдабекованын пикири тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине чыккан материалды окуп берди.
Жогорку Кеңештин депутаты жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Үй-бүлөсүнүн байлыгын көрсөтүшү керек. Депутаттарды шайлоо мыйзамынын чоо-жайы
Андан соң Шайлдабекова ЖМКга чыккан маалыматтар үчүн жооп бербестигин айтып, ошол эле учурда кайра "эмне чынында андай эмеспи?" деп суроо салды.
Ага жооп берген депутат БШК өзү коррупциялашып кеткенин билдирип, дискредитация тууралуу айтканда "кээ бир партиялар" деп сүйлөөгө чакырды.
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан Шайлдабекова партиялар өзүн-өзү дискредитациялаганы боюнча маалыматты шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу коомдук талкууда айткан пикирине таянып жазган.
Жаңылыктар түрмөгү
0