Бир депутат мандатын тапшырса кайра шайлоо өтөт. ЖК тууралуу сунушталган мыйзам

© Фото / Пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Шайлдабекованын айтымында, бир мандаттуу системада аз добуш алган талапкердин шайланууга укугу жок. Андыктан экинчи орунду алганга мандат берүү мүмкүн эмес.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө бир мандаттуу сестема менен шайланган депутат мандатын тапшырса, анын ордун толтуруу үчүн кайра шайлоо өткөрүү сунушталууда.
Аталган мыйзам долбоору тууралуу коомдук талкууда ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековадан бул жагдайдын логикасын сурады.
"Депутат кызматтан кеткенден кийин анын ордун толтуруу үчүн жаңы шайлоо дайындалат. Кыргызстандын тарыхында мындайды көргөнбүз. Бир мандаттуу шайлоодон кийин баарынын соттон башы чыкпай калган. Аягы көрүнбөгөн шайлоолор дагы соттук териштирүүлөрдүн көбөйүшүнө алып келет. Эмнеге экинчи орунду алган талапкерге мандатты өткөрүп берсе болбойт? Ортодогу айырмасы бир-эки эле добуш болушу мүмкүн", — деди Алтыбаева.
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Кол чаап, чуу түшүп... Маалыматты манипуляциялоо мыйзамы өтпөй калды. Видео
Шайлдабекова бир мандаттуу системада аз добуш алган талапкердин шайланууга укугу жок экенин айтты.
"Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы изилденди. Бардык жакта жаңы шайлоо дайындалат. Бул системада экинчи орунду алган талапкер шайланды деп эсептелбейт. Эгер көп добуш ала албаса, ага мандат берүү туура эмес болот", — деди БШК төрайымы.
Ошондой эле ал президент деле мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотсо кайра шайлоо дайындаларын мисал келтирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0