Мугалимдер, мэрия кызматкерлери, ишкерлер. Ошто депутат болчулардын аты-жөнү

© Sputnik / Табылды КадырбековПовторные выборы депутатов в БГК
Повторные выборы депутатов в БГК - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, учурдагы депутаттардан бирөө гана кайра шайланды. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты бул ирет Ошко келип отурат.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Ош шаардык кеңешине төрт партия өттү.
Форумдун катышчуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Атамбаевдин уулу, ырчы жана бизнесмендер. Бишкекте кимдер мандатка жетти
Ош шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн сегиз партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат.
"Ата-Журт Кыргызстан" — 19 мандат
  1. Сонунбек Жунусбаев, 36 жашта, мэриянын кызматкери;
  2. Жыргалбек Тажибаев, 36 жашта, жумушсуз;
  3. Гүлсара Кулдышева, 55 жашта, ОшМУнун кызматкери;
  4. Мирбек Маматов, 38 жашта, "ОшГАЗ" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  5. Мирлан Атабаев, 34 жашта, "Бердике-ата Курулуш" ишканасынын директору;
  6. Хулкар Исамова, 44 жашта, "Рейтер Лимитед" компаниясынын аймактык журналисти;
  7. Бекмурза Эргешов, 47 жашта, Каратэ федерациясынын Ош облусундагы президенти;
  8. Бекболот Арзибаев, 36 жашта, жумушсуз;
  9. Бахтияр Турсунбаев, 55 жашта, мэриянын алдындагы №3 аймактык муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси;
  10. Медербек Мырзабеков, 41 жашта, жеке ишкер;
  11. Нурбек Исмаилов, 36 жашта, "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору;
  12. Дамира Абдибаева, 54 жашта, "Даннур — Юг" ЖЧКсынын кызматкери;
  13. Жохонгир Сайфуллаев, 29 жашта, жумушсуз;
  14. Азамат Төлөнов, 34 жашта, "Төлнөв" жеке ишканасынын директору;
  15. Айгүля Караева, 46 жашта, "Сладкий день" ЖЧКсынын башкы директору;
  16. Замирбек Толубаев, 35 жашта, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты;
  17. Болотбек Баетов, 32 жашта, жеке адвокат;
  18. Уларкан Акматова, 39 жашта, университетте мугалим;
  19. Алтынбек Зайнидинов, 46 жашта, административдик чарба департаментинин башчысы;
"Биздин Кыргызстан" — 15 мандат
  1. Медербек Абдыманапов, 28 жашта, Youth of Osh уюмунун программалык менеджери;
  2. Шайырбек Нуранов, 43 жашта, жумушсуз;
  3. Назима Алмазбек кызы, 29 жашта, жумушсуз;
  4. Темирбек Абдыкалыков, 36 жашта, жумушсуз;
  5. Улан Каналиев, 26 жашта, Мамлекеттик кадастрдын видео тартуу бөлүмүнүн адиси;
  6. Нуркыз Кадырбек кызы, 42 жашта, министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы;
  7. Нуржигит Раимов, 36 жашта, жумушсуз;
  8. Бектурсун Маманов, 27 жашта, "Каганат Инвест" ЖЧКсынын директорунун жардамчысы;
  9. Жамал Ормонова, 57 жашта, "Жамал" ЖЧКсынын директору;
  10. Шумкар Пазылов, 36 жашта, жумушсуз;
  11. Абдисаит Каримбеков, 37 жашта, Ош шаардык кеңешинин депутаты;
  12. Аида Раимбердиева, 39 жашта, жумушсуз;
  13. Нурсейит Муратов, 27 жашта, "Кыргыз Текстиль ЛТД" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  14. Өмүрбек Жолдошов, 41 жашта, "Кыргыз Цемент" ЖЧКсынын директору;
  15. Айжана Эрмекбаева, 40 жашта, ОшМУда мугалим;
"Улуттар биримдиги" — 7 мандат
  1. Абдижапар Аккулов, 54 жашта, ОшМУнун алдындагы институттун директору;
  2. Хашим Ахмаджанов, 63 жашта, "РусАзиятранс" компаниясынын директору;
  3. Нурила Самиева, 53 жашта, жумушсуз;
  4. Алимбек Мавлянов, 48 жашта, "Холдинг Датка" ЖЧКсынын вице-президенти;
  5. Фахридин Нематов, 33 жашта, Ош шаарындагы №47 орто мектептин мугалими;
  6. Роза Жоошбаева, 38 жашта, "Тур Профи Сервис" ЖЧКсынын директору;
  7. Мамир Абдуллаев, 47 жашта, жумушсуз.
"Бир Бол" — 4 мандат
  1. Эсенбек Арзиев, 47 жашта, "Азия Пласт" ЖЧКсынын директору;
  2. Нурислом Каримов, 30 жашта, жумушсуз;
  3. Айгүл Салиева, 40 жашта, "Дом Строй Групп" курулуш компаниясынын директору;
  4. Кушбак Шайиев, 32 жашта, жумушсуз;
Белгилей кетсек, эгер кимдир бирөө мандаттан баш тартса, артында турган талапкер депутат боло алат.
Ошондой эле расмий жыйынтык чыкканда мандаттардын бөлүштүрүлүшү өзгөрүшү мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0