Бишкекте алдыда бараткан 6 партия мандатты кандай бөлүшөт. Алдын ала эсептөө

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогундагы бюллетень
Шайлоо участогундагы бюллетень - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Автоматтык эсептөөчү урнадан алынган алдын ала жыйынтык боюнча, Бишкек шаардык кеңешине алты партия өттү.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялар канча мандат алары белгилүү болду.
Автоматтык эсептөөчү урнанын берген маалыматына ылайык, мандат алты партияга бөлүнөт:
  1. "Эмгек" — 18,35 пайыз (11 мандат);
  2. "Ата-Журт Кыргызстан" — 14,09 пайыз (9 мандат);
  3. "Ишеним" — 12,54 пайыз (8 мандат);
  4. "Ынтымак" — 10,63 пайыз (7 мандат);
  5. "Социал-Демократтар" — 8,17 пайыз (5 мандат);
  6. "Өнүгүү-Прогресс" — 8,01 пайыз (5 мандат).
Белгилей кетсек, бул алдын ала жыйынтык болуп саналат. Мандаттардын бөлүштүрүлүшү дагы өзгөрүшү мүмкүн.
Азыркы тапта АСУ добуштардын 91,23 пайызын санап бүттү. 
Жаңылыктар түрмөгү
0