Ташиев: Бабанов, Жээнбеков, Зулпукаровго эч ким тие албайт дешкен, биз камадык

© Sputnik / Табылды КадырбековТашиев: мое имя пытаются опорочить, но я с честью вышел из ситуации
Ташиев: мое имя пытаются опорочить, но я с честью вышел из ситуации  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Ташиевдин айтымында, "үч саясатчыны эч ким камай албайт" деген жаңылыш ой, себеби алар боюнча айныгыс далилдер бар.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы премьер-министр боюнча комментарий берди.
Ал кармалгандардын баары боюнча жетиштүү далилдер бар экенин айтты.
"Өмүрбек Бабановду эч ким камай албайт деп ойлогон. Колубуздан келет, аны эркинен ажыратууга да бара алабыз. Баары ага эч ким тие албайт деп ойлогон. Биз кармадык, себеби анын коррупциялык иштери боюнча айныгыс далилдер бар. Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровго да эч ким тие албайт дешкен. Аларды дагы камадык, иштин эпизодунда далилдер турат", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал үч саясатчынын тарапташтары калп эле актап жатат деген пикирин билдирип, эгер ак болсо тергөө бүткөндөн кийин чыгарын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0