21:43 25 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу (48)
117 0 0

Камчыбек Ташиев буга чейин Орхан Инандыга өз коопсуздугу үчүн башка өлкөгө чыгып кетүү сунушу болгонун айтты.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды ушул жылдын февраль айында уурдалып, бирок үч күндөн кийин табылган. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

"Инандыны уурдоо аракеттери мурда деле болгон. Андыктан биз өзү менен сүйлөшүп, биз менен кызматташып жүрчү. Ушул жылдын февраль айында аны уурдашкан. Үч күндөн кийин биз аны таап, өлкөдөн алып чыгып бара жаткан жеринен куткарып, артка кайтарып алганбыз. Муну анын жубайына жана кызматкерлерине айтканбыз.  Мындан тышкары, биз ага өз коопсуздугу үчүн башка өлкөгө чыгып кетүүнү сунуштаганбыз. Документ тууралоо жагынан жардам беребиз дегенбиз. Бирок ал анткен жок", — деди Ташиев.

Орхан Инандынын жоголушу

"Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.

Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.

Инандынын табылышын талап кылган жарандар Өкмөт үйүнүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан.

Ал эми 5-июлда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Инанды өлкөгө алып келингенин жар салган.

Тема:
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу (48)

Тема боюнча

Жапаровдун маалымат катчысы: бийлик Инандыны Түркияга өткөрдү деген шектенүү абсурд
Орхан Инандынын тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Сүрөт, видео
Белгилер:
Орхан Инанды, Камчыбек Ташиев, УКМК, уурдоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ