Ичи бураганбы, айтор... ЖКдагы өтө жагымсыз окуяга соцтармактын реакциясы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйын залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, окуя депутаттар мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат угуп, суроолор берилип жаткан учурда болгон.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында өтө жагымсыз жагдай түзүлдү. Бул тууралуу эл өкүлү Дастан Бекешев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, бул окуя депутаттар мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат угуп, суроолор берилип жаткан учурда болгон.
"Өлкөдөгү хаостон тажаганбы, бийликке кыжыры келгенби же жөн гана ичи бураганбы, айтор, Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин бири үчүнчү кабаттагы депутаттардын биринин кабинетинин алдында өзүнүн "аргументтерин" таштап кетиптир. Андан кийинки жытты айтып болбойт. Жоопкерчиликсиздик гана буруксуп турду", — деди парламентарий.
Бул окуя кайсы депутаттын кабинетинин алдында болгону белгисиз бойдон калды. Кечээ Жогорку Кеңеште "Сапат" лицейлер тармагынын жетекчиси Орхан Инандынын уурдалышы боюнча жыйын болгон.
Социалдык тармактардын колдонуучулары бул жаңылыкты сарказм менен кабыл алышты.
Мисалы, журналист Семетей Аманбеков "белгисиз баатыр" тууралуу мындай пост жазды.
Пиар-адис Марс Черикчиев бул окуя боюнча күч органдарынын жетекчилерин чакырып, кезексиз жыйын өткөрүүнү "сунуштады".
Ал эми Азиз Пиримкулов аттуу колдонуучу жүктүн баары карапайым элге, бул мисалда тазалоочу болуп иштеген кыз-келиндерге түшөт деген пикирин жазды. 
Жаңылыктар түрмөгү
0