Инандынын иши. КР элчиси Түркиянын ТИМ жетекчисинин орун басары менен жолукту

© Фото / пресс-служба МИД КРПосол Кыргызстана в Турции Кубанычбек Омуралиев
Посол Кыргызстана в Турции Кубанычбек Омуралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Консулдук маселелерди көзөмөлдөгөн чиновник менен элчинин жолугушуусу кечээ, 6-июлда, болгон.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явыз Селим Кыран менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Консулдук маселелерди көзөмөлдөгөн чиновник менен элчинин жолугушуусу кечээ, 6-июлда, болгон.
Анда элчи түрк бийлигине Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын кайда экенин, аны менен консулдук кызматкердин жолугушуусуна мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү боюнча кыргыз тарап жиберген нота тууралуу маалымдады.
Поиски пропавшего Орхан Инанды сотрудниками ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
ИИМ: Орхан Инандынын кантип уурдалганын иликтей баштадык
Өз кезегинде министрдин орун басары кыргыз тараптын өтүнүчү Юстиция министрлигине жиберилерин билдирди. Ал ошондой эле Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин белгилеп, жеке өзү анын кайсы жакта экенинен кабары жоктугун айткан.
"Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды кармалып, Түркияга жеткирилгенин өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин TRT-HABER агенттиги апта башында жазып чыккан.
Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, кыргыз тарап эл аралык документтерде так көрсөтүлгөн укуктук нормалардын бузулушуна алып келген аракеттер кылынбашы керек деп айткан. Ал арада президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны кайтарып берүүнү Түркиядан талап кыларын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0