Вице-спикер Касымалиева: өлүм көбөйгөнүнө "аконитовый министр" күнөөлүү

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаВице-спикер Аида Касымалиева. Архив
Вице-спикер Аида Касымалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Вице-спикер учурда коронавирустан каза болуп жаткандарга министрдин түздөн-түз күнөөсү бар деп эсептейт.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Вице-спикер Аида Касымалиева саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди сындады.
Ал учурда коронавирустан каза болуп жаткандарга министрдин түздөн-түз күнөөсү бар деп эсептейт.
"Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда беш-алты миллион адам вакцина алып бүттү. Силер ошондой жумушту аткарган жоксуңар. Министр "аконит" деп канча адамдын башын айлантты. Эми "аконитовый министрге" карабастан эмдөөдөн өтөбүз деп калганда вакцина жок. Мээсинен айнып калган министриңер ушул жерге келип жооп берсин же жумуштан кетсин. Медицина кызматкерлери кантип чыдап отурасыңар, силер кесипкөйсүңөр го, айтпайсыңарбы...", — деди вице-спикер.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Суворов окуу жайынын жетекчилиги менен коронавирус жуктурган бейтаптарды жаткыруу үчүн орун даярдоо тууралуу сүйлөшүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Министр Бейшеналиев коронавирустан сакайып, ишке чыкты. Сүрөт
Мындан сырткары, ал кызыл зонада иштеген медиктер кошумча маянасын ала албай арызданып жатканын белгиледи.
Учурда ЖК депутаттары Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын соңку абал боюнча маалыматын угуп жатат. Министр Бейшеналиев ШКУнун эпидкырдаал тууралуу жыйынына катышып жатканына байланыштуу ордуна орун басары келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0