Фейктен корксок эмнеге депутат болдук. Токтомамбетов чуулуу мыйзам тууралуу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Аманкул Токтомамбетов
Депутат Жогорку Кенеша Аманкул Токтомамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Эл өкүлү депутаттар "Маалыматты манипуляциялоо" мыйзамын кабыл алуу менен намысын коргобой эле кордоп алат деген пикирде.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Фейктен корксок анда эмнеге депутат болдук? Мындай суроону Жогорку Кеңештин депутаты Аманкул Токтомамбетов берди.
Ал кесиптештерин депутат Гүлшат Асылбаева сунуштаган "Маалыматты манипуляциялоо" мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырды.
"Кыргызда "чегирткеден корксоң, эгин экпе" деген жакшы сөз бар. Эгер биз фейктен корксок депутат болуп, чоң кызматка барып эмне кереги бар. Тилди тартыш керек, фейктер жазгандын жок дегенде 10 пайызы чын болот. Экинчиден, депутаттарга көп сын айтылып араң жүрсөк, анан ар намысыбызды колдойбуз деп мыйзам чыгаруунун такыр кереги жок. Андыктан ар намысыбызды өзүбүз эле коргоп алабыз", — деди Токтомамбетов.
Ошондой эле ал депутаттар муну менен намысын коргобой эле кордоп аларын белгиледи.

Чуу мыйзамдын тарыхы

"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр ушул маалда кабыл алынган
Бул маселе коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан.
Калп детекторундагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Депутат прокурорлорду калп детектору менен текшерип кызматка алууну сунуштады
Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн Баш мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.
Ошондой эле бул маселенин коомдогу маанисин эске алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталган.
Демилгечилердин айтымында, фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0