Кызматташууну өнүктүрүү керек. Жапаров Түркиянын коргоо министрин кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров менен Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар
Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Хулуси Акар эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы Жогорку стратегиялык кызматташтык боюнча кеңештин 5-жыйынынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашырууда сапары маанилүү экенин белгилеген.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТараптар аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук жаатында кызматташуу маселесин талкуулашты
Тараптар аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук жаатында кызматташуу маселесин талкуулашты - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тараптар аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук жаатында кызматташуу маселесин талкуулашты
1/2
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды
2/2
Тараптар аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук жаатында кызматташуу маселесин талкуулашты
Тараптар аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук жаатында кызматташуу маселесин талкуулашты.
"Кыргыз-түрк мамилесинде аскердик-техникалык кызматташуу өзгөчө орунду ээлейт. Анын мындан аркы кеңейишине жана бекемделишине мүмкүнчүлүктөр кенен. Аймактагы туруксуз абалды жана коркунучтардын өсүп жатканын эске алганда, өзгөчө Афганистандагы кырдаалдын татаалдашкандыгына байланыштуу аскердик-техникалык кызматташуу актуалдуу маселе", — деп билдирген Жапаров.
Ал ошондой эле эки өлкөдө жана жалпы эле аймакта тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн болушу үчүн биргелешкен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даярдыгын белгилеген.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жапаров Тажикстанга болгон сапарын жыйынтыктап, Бишкекке келди
Ал эми Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы Жогорку стратегиялык кызматташтык боюнча кеңештин 5-жыйынынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашырууда бул сапардын маанилүүлүгүн белгилеген.
"Түркия учурдагы бардык маселелерди ыкчам чечүүгө ар дайым даяр. Мен Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен туруктуу байланышта болуп жатам. Аскердик кызматташтыктын алкагында аскер адистерин окутуу жана даярдоо маселеси дагы маанилүү", — деди Акар.
Түркиянын улуттук коргоо министри кыргыз тарап менен натыйжалуу кызматташууну улантууга жана бул багытта көмөк көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0