Депутат Бекешев: Башкы прокуратура "монстр" болуп кетти

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Депутат Дастан Бекешев. Архив
 Депутат Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Эл өкүлүнө жооп кайтарган Зулушев мыйзамды так билген адам коркуу сезими менен иштей турганын билдирди.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Башкы прокуратура "монстр" болуп кетти. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү башкы көзөмөл органы өзүнө өтө көп укуктарды ыйгарып алды деп эсептейт.
"Башкы прокуратура мыйзамды жазат, сунуштайт, бирөөнү отургузат, тергейт жана башка бир топ ыйгарым укуктары бар. Бирок адам укуктары сакталбай калды. Сиздин учурда эле УКМК канчасын камап, акча төкмөйүнчө чыгарбай жатат. Биз кайсы мамлекетте жашап калдык. Бул мыйзам долбоорлору (кодекстер) адам укуктарын сактабайт го", — деди Бекешев.
Буга башкы прокурор Курманкул Зулушев жооп берип, мыйзамды так билген адам "монстр" болбой, коркуу сезими менен иштей турганын билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБашкы прокурор Курманкул Зулушев
Генеральный прокурор Курманкул Зулушев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Башкы прокурор Курманкул Зулушев
"Сиз таң калбаңыз, биз кыргыз мамлекетинде жашап жатабыз. Конституцияда Башкы прокуратура менен Жогорку сотко мыйзам демилгелөө укугу керек экени белгиленди. Алдыда биз өзүбүздүн тармакта муктаж болуп жаткан мыйзамдарды сунуштайбыз. Ал эми кабыл алуу сиздердин укугуңуздар. Прокуратурада мындай укуктар буга чейин да болгон, бирок ал система талкаланып ушул абалга келдик", — деди Зулушев.
Ошондой эле ал УКМК тарабынан кармалгандардын баары шектүү катары камалганын, алардын айыбын угузуп жатканда мыйзамдуулугун кароону убадалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0