Шаардык кеңешке депутат болом деген ырчы, актёр, журналисттер

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүЖыйындын катышуучулары. Архив
Жыйындын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан шаардык кеңешке депутат болом деген талапкерлердин тизмесин жазып жатып, арасынан эл көзүндөгү маданият, медиа өкүлдөрүн тапты.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо кайрадан өтмөй болуп, 11-июлга белгиленди. Бул ирет БШКга 17 партия ат салышууда. Буга чейинки шайлоого талапкер катары ырчы Анжелика Кайратова, жарандык активист Болот Ибрагимов аттанса, бул ирет аларды тизмеден көрө алган жокпуз.

Азиз Мурадиллаев, актёр

Белгилүү актёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев шаардык кеңешке "Күч биримдикте" партиясы менен аттанган. Аны тизменин 4-катарынан көрүүгө болот. 43 жаштагы кино жана сахна жылдызы 40тан ашык спектаклде ойноп, кинодо "Каракыз", "Сүйүү сынагы", "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Жараланган турна", "Президент жана бомж", "Курманжан датка", "Ата" тасмаларында роль жараткан.

Нуркыз Караева, алып баруучу, журналист

© Sputnik / Жоомарт УраимовАлып баруучу, журналист Нуркыз Караева
Ведущая КТРК Нуркыз Караева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алып баруучу, журналист Нуркыз Караева
Ушул эле партия менен шаардык кеңешке КТРКнын кызматкери, "Замана" студиясынын алып баруучусу жана кабарчысы Нуркыз Караева бара жатат. Ал партиянын тизмесинде 3-катарда. 34 жаштагы талапкер алып баруучулуктан сырткары окуу жайда студенттерге сабак берет.

Нурсултан Жакыпбек уулу, алып баруучу

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Нурсултан Жакыпбеков (@nursultan_zhakypbekov)

"Күч биримдикте" партиясынын тизмесинен 25 жаштагы Нурсултан Жакыпбек уулун көрүүгө болот. Ал КТРКнын "Ала-Тоо 24" телеканалында диктор жана алып баруучу. Талапкер партия тизмесинин 17-катарында.

Самат Дөлөтбаков, ырчы

Бишкек шаардык кеңешине "Эмгек" партиясы менен ырчы Самат Дөлөтбаков аттанган. Тизмеде Дөлөтбаков жетинчи болуп жазылган. Ал чыгармачылыктан сырткары ишкерлик менен алектенип, коомдук иштерге активдүү катышып келет. Дөлөтбаков журнал, акылдуу китептерди басып чыгарып, мектеп, парфюмерия саткан жайларын да негиздеген.

Болот Абдыжапаров, журналист

© Фото / Улук СартовЖурналист Болот Абдыжапаров
Журналист Болот Абдыжапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Журналист Болот Абдыжапаров
Ушул эле "Эмгек" партиясы менен Бишкек шаардык кеңешине 37 жаштагы журналист Болот Абдыжапаров да бара жатат. Партиянын тизмесинде ал 33-катарга илинген. Абдыжапаров буга чейин бир нече телеканалдарда кабарчы, журналист болуп эмгектенген. Учурда ал өлкөдөгү жеке менчик телеканалдардын биринде продюсер.

Назира Бердигулова, алып баруучу, актриса

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от НАЗИРА БЕРДИГУЛОВА (@naziraberdigulova_official)

Шайлоодо өз күчүн жана дараметин сынап көрөйүн дегендердин катарында алып баруучу, актриса Назира Бердигулова бар. Ал Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна "Ынтымак" партиясы менен катышып жатат. 32 жаштагы талапкерди партиянын тизмесинин 18-катарынан табууга болот. Назира Бердигулова буга чейин "Мезгил жана Алыкул", "Мен сүйгөн карагат" сыяктуу тасмаларда роль жаратып, клиптерге тартылып келет.

Эркин Нурбаев, алып баруучу, блогер

Тамада, алып баруучу, шоумен Эркин Нурбаев шаардык "Реформа" партиясы менен бара жатат. Нурбаев тизмеде 31-катарда. Буга чейин ал ЭлТР, НТС телеканалдарында көңүл ачуучу программаларын алып барып, той, ар кандай иш-чараларды тейлечү.

Жайнагүл Калчаева, ырчы

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от жайнагул Калчаева (@kalchaevazhainagul)

Шаардык кеңешке депутат болом дегендердин арасында "Маданияттын мыкты кызматкери" наамынын ээси, ырчы Жайнагүл Калчаева бар. Ал 61 жашта. Учурда Улуттук маданият борборунда башкы адис болуп иштейт. Калчаева фольклор жаатындагы чыгармаларды аткарып келет. Ырчы "Достор" тобунун солисти.

Космосбек Чыдынов, мурдагы диктор

Коомдук телеберүү корпорациясынын мурдагы диктору жана алып баруучусу Космосбек Чыдынов шаардык кеңешке "Биздин Кыргызстан" партиясы менен аттанган. Ал партиянын тизмесинде 10-орунда. 41 жаштагы талапкер буга чейин президенттин аппаратында, Жогорку Кеңеште иштеген.

Канышай Рысбекова, алып баруучу

27 жаштагы алып баруучу Канышай Рысбекова шайлоого катышып жаткан "Биздин Кыргызстан" партиясындагы талапкерлердин катарында. Ал тизмеде Канышай Ырысбек кызы деп 29-болуп катталган. Буга чейин ал ЭлТР, НТС телеканалдарында көңүл ачуу программаларын алып барган. Соцтармактын активдүү колдонуучусу.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0