Муфтийди шайлоого кийлигишкен жокпуз. УКМК кайрылууга жооп берди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТесме кармап турган дин адамы. Архив
Тесме кармап турган дин адамы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Жазылуу
Буга чейин муфтийликке талапкерлердин бири Султанали Гафуровду чекисттер күчкө салып кармап кеткени айтылган.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. УКМКнын маалымат кызматы муфтийди шайлоого атайын кызматтагылар кийлигишип, талапкерлерге кысым көрсөттү деген билдирүүгө жооп берди.
Замир кары Ракиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Замир кары Ракиев — өмүр баяны
УКМК мындай маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
"УКМКнын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишине кийлигишүүгө укугу жок. Конституция боюнча, мамлекет динден бөлүнүп турат", — деп жооп берген.
Белгилей кетсек, кечээ, 26-июнда, Аалымдар кеңешинин курултайы өтүп, муфтийликке Замир Ракиев шайланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0