Садык Шер-Нияз Францияга элчи болуп дайындалды

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловЭкс-депутат, экс-министр, "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз
Экс-депутат, экс-министр, Айтыш коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Элчиликтен тышкары экс-депутат ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматын да аркаламай болду.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Экс-депутат, экс-министр, "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Элчиликтен тышкары Шер-Нияз ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматын да аркаламай болду.
Белгилей кетсек, Садык Шер-Нияз 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн курамында Маданият, маалымат жана туризм министрлигин жетектеген. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп, кийин мандатын тапшырып берген. 2021-жылы январда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, бирок кайрадан алып салган
Жаңылыктар түрмөгү
0