Бабановду колдоп митингге чыккандар тарап кетишти

© Sputnik / Сталбек Абижалил уулуЭкс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдын тарапташтары митингте
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдын тарапташтары митингте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Бүгүн шаардык сот тергөө жүрүп жаткан учурда Өмүрбек Бабановду камакта калтыруу чечимин чыгарды. Саясатчыны колдоп 500дөй киши митингге чыккан.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду колдоо митинги соңуна чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
"УКМКнын тергөө абагынын алдына топтолгондор тарап кетишти. Бирок саясатчынын тарапташтарынын бир бөлүгү Бабановдун камалышына каршы митингге мындан ары дагы чыгышарын билдиришти", —  деди кабарчы.
Бүгүн Бишкек шаардык соту Бабановду тергөө абагында калтыруу боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Соттун имаратынын алдына 500дөй адам топтолгон. Кийин алар Өкмөт үйүнүн алдына дагы барышты.
Бабанов 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кенин иштетүүдө коррупциялык иштерди жасаган деп айыпталып жатат. 2-июнь күнү Биринчи май райондук соту экс-премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Жаңылыктар түрмөгү
0