Бабановдун жубайы баштаган митингчилер Өкмөт үйүн көздөй жөнөштү. Видео

© Sputnik / Сталбек Абижалил уулуӨмүрбек Бабановдун тарапташтарын митинги
Өмүрбек Бабановдун тарапташтарын митинги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Шаардык соттун алдына келген митингчилер Фемида өкүлдөрүнүн чечимине нааразы болуп, Өкмөт үйүн көздөй жөнөштү.
БИШКЕК, 22-июн. – Sputnik. Саясатчы, бизнесмен Өмүрбек Бабановдун жубайы баштаган 500дөй митингчи каршылык акциясын улантуу үчүн Өкмөт үйүн көздөй бет алышты.
Бүгүн, 22-майда, Бишкек шаардык соту Бабановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча маселени карап, райондук соттун 31-июлга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.
Сот имаратынын алдына саясатчынын 500гө жакын тарапташы келген. Алар "Бабановго боштондук!" деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан. Соттун чечимине нааразы болгон митингчилер Өкмөт үйүн көздөй жөнөштү.
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Бабанов абакта машыгып жатабы? УКМК интернетте тараган видео боюнча жооп берди
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, 2-июнь күнү эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Биринчи май райондук соту мурдагы премьерди 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган. Кийин жактоочусу аны үй камагына чыгаруу боюнча апелляциялык арыз жазган.
Кабарчынын айтымында, эл шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды деп угуп, "Бабановго боштондук!" деп кыйкыра баштады. Бирок шаардык соттун чечими боюнча расмий маалымат айтыла элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0