Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПортфельчен адамдар. Архив
Портфельчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Эки мамлекеттеги элчилер өлкөнүн бир нече уюмдарында өкүл болуп иштеп келген. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Иран жана Австриядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Бишкек шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Бишкекте шаар жетекчисинин орун басарлары алмашты
Ага ылайык, Авазбек Абдуразаков Кыргызстандын Ирандагы элчиси жана Тегерандагы экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, ордуна Турдакун Сыдыков дайындалды.
Бакыт Жусупов өлкөнүн Австриядагы элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмундагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү кызматынан кетип, ордуна Толенды Макеев келди.
Бакыт Жусупов КРдин Словения, Словакия жана Чехиядагы элчи кызматын айкалыштырып келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0