09:03 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
198 0 0

Россия менен АКШ президенттеринин жолугушуусу мурдагы күнү Женевада өттү. Эки лидер тең анын жыйынтыгына канааттанганын билдирди.

Бирок сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн алакасын жакшыртууга өбөлгө боло алабы? Россиянын Европа менен мамилесине кандай таасир тийгизет? Sputnik ушул суроолорго жооп берүүгө аракет кылды.

Келечекти мээлеген натыйжа

Владимир Путин менен Жо Байдендин 16-июнда Женевада өткөн жолугушуусу эки өлкөнүн мамилесин түп тамырынан бери өзгөртпөсө да толук кандуу диалогду баштоого мүмкүндүк берди десек болот. Мындай бүтүм менен "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин мультимедиалык борборунда саммиттин жыйынтыгын талкуулаган иш-чарага катышкан эксперттер да макул болушту.

Россиянын Эл аралык иштер боюнча кеңешинин башкы директору Андрей Кортунов Россия менен АКШнын стратегиялык куралга көзөмөл жүргүзүүгө ыктап турганын тастыктаган билдирүү сүйлөшүүнүн эң маанилүү жыйынтыгы болду деп эсептейт.

Круглый стол, посвященный анализу перспектив размещения на Украине международного миротворческого контингента
© Sputnik / Александр Натрускин
Россиянын Эл аралык иштер боюнча кеңешинин башкы директору Андрей Кортунов
"СНВ-3 боюнча келишим беш жылга узартылганы менен убакыт аз. Тараптар курал-жаракты көзөмөлдөөнүн жаңы модели тууралуу келишип алса жакшы болот эле", — деди ал.

АКШнын киберкоопсуздук көйгөйүн өз ара консультациялардын тизмесине киргизүүгө макулдук бергени да бир топ маанилүү экени белгиленди. Эксперт буга чейин Америка мындай демилгени көп жактырбай, хакердик чабуулга Москваны далилсиз эле күнөөлөп келгенин айткан.

Элчилердин Москва менен Вашингтонго кайтышы да үмүттү жандырып койду. Бирок Кортунов дипломатиялык мамилелерди толук кандуу калыбына келтирүү үчүн бул жетишсиз деген пикирде.

"Элчи — бул "генерал". Бирок ар бир генералдын "армиясы" болууга тийиш. Демек, элчиликтердин ишин жандантып, дипломаттарды, консулдук кызматтарды кайтаруу зарыл", — деди адис.

Илимдер академиясынын АКШ жана Канада институтунун директору Валерий Гарбузов Россия менен Американын ортосунда бир катар көйгөйлөр бар экенине токтолду.

© Sputnik / Владимир Трефилов
Илимдер академиясынын АКШ жана Канада институтунун директору Валерий Гарбузов
"Саммит консультацияларга, сүйлөшүүлөргө башат болуп бериши керек. Эгер жумушчу топ түзүлүп, жолугушуулар жүрүп, мунун баары телефондук сүйлөшүүлөр, өлкө башчыларынын жолугушуулары менен коштоло турган болсо диалог жанданат. Жыйынтыгын бир нече аптадан кийин көрөбүз", — деди ал.

Трамптын жолун жолдобой

Гарбузов Женева саммити Владимир Путин менен Дональд Трамптын 2018-жылы Хельсинкиде өткөн жолугушуусу менен салыштырылып жатканын белгиледи.

"Трамп менен болгон сүйлөшүүлөрдөн да көптү күткөнбүз. Айрымдар аны тарыхый жолугушуу деп атоого үлгүргөн. Сүйлөшүү жагымдуу маанайда өткөнү менен жыйынтык болгон эмес. Женева саммити тууралуу келечекте болчу сөз мындан кескин айырмаланып турушу керек", — деди эксперт.

Ал эми Кортунов Байден тарабынан жолугушуунун тез уюштурулушуна көңүл бурду. Мурунку президент Трампка Путин менен биринчи жана акыркы ирет жолугуу үчүн 1,5 жыл керектелген.

Гарбузовдун айтымында, Трамп менен Байдендин администрациялары РФ — АКШ мамилелерин эки башка түшүнүп, кабыл алары да жолугушууларды айырмалап турат.

"Ак үйдүн азыркы жетекчилиги Россияга жасалган "жаңыча" мамиле, башкача айтканда, тандалма кызматташуу тууралуу айтып жатат. Бул жакшы нерсе. Кызматташуунун өзөгүн курал-жаракты көзөмөлдөө, стратегиялык коопсуздук көйгөйү түзүшү мүмкүн. Андан кийин талкуулай турган маселелердин тизмесин кеңейтүү керек. Эки тараптын кабыл алган декларациясы — келечектүү иштин башталышы", — деди ал.

Европа, санкциялар жана Украина

АКШ менен Россиянын ортосундагы мамиленин азыраак болсо да жылый башташы Вашингтондун европалык союздаштарынын антироссиялык риторикасын басаңдатат. Мындан улам Гарбузов Москва үчүн бул саммиттин жыйынтыгы геосаясий жактан пайдалуу деп эсептейт.

"Эми Брюсселдеги Россия менен кызматташууга ыктагандардын жүгү жеңилдей түшөт, анткени дайым Вашингтонду карап иш кылышат эмеспи. Американын Россия боюнча ой-пикири дайым эске алынат. Германия, Италия жана Франциядагы кесиптештерибиз эми Москва менен кызматташуунун жаңы форматтарын ээн-эркин сунуштай алса керек", — деди Кортунов.

Эксперттин баамында, Байден менен Путиндин жолугушуусу 2014-жылдын апрелинде токтогон Россия — НАТО кеңешинин ишин жандантышы мүмкүн. Бул Европа коопсуздугун бекемдөө үчүн кошумча мүмкүнчүлүк бермек.

МГИМО доценти Иван Тимофеев Россияга каршы санкциялар мурдагыдай эле күчүндө каларына токтолду.

Круглый стол на тему: Россия и США, Россия и НАТО: новый виток эскалации?
© Sputnik / Владимир Трефилов
МГИМО доценти Иван Тимофеев
"Америкалык бир да санкция өзгөрбөйт, буга негиз жок. Айрым санкциялар АКШнын мыйзамдары менен бекитилген. Байден аларды жокко чыгара албайт, токтотуп гана коюуга укугу бар. Санкциялар жумшарат деп да ойлоого болбойт, ошол эле убакта жаңы чаралар да көрүлбөйт", — деди ал.

Ал эми Кортунов эки өлкө бир пикирге келе албаган маселелер да болгонун белгиледи. Буга Украина кирет. Эки лидердин көз карашы эки башка, азырынча ой бир жерден чыгат деп айтуу оголе эрте.

"Эки президент бул теманы козгоп, бир пикирге келе алышкан жок. Бир жалпы түшүнүк бар — Минск макулдашуусун сактоо керек. Маселе ал макулдашуунун шартын аткаруу дегенди эки жак эки башка чечмелеп келгенинде. Формула кайталанганы менен ар кимиси өз оюнан кайткан жок", — деди Тимофеев.

Байден менен болгон жолугушуусу тууралуу Путин эмне дегенин жана саммит жыйынтыгына Ак үй кандай баа бергенин Sputnik агенттигинин материалдарынан окусаңыз болот.

Тема боюнча

Байдендин маалымат жыйынына россиялык журналисттерди киргизбей коюшту
Путин: Байден “жан алгыч” деп эмнеге айтканын түшүндүргөн
Белгилер:
Владимир Путин, Жо Байден, жолугушуу, саммит, Женева, Дональд Трамп, эксперт, Украина, курал-жарак, саясат

ЭҢ МААНИЛҮҮ