УКМК мурдагы биринчи вице-премьер Тайыр Сарпашевди кармады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайыр Сарпашев. Архив
Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайыр Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Ушу тапта Кумтөр кениндеги ишмердүүлүк боюнча козголгон кылмыш ишти иликтөө уланып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кумтөр иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайыр Сарпашев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Комитеттен билдиришкендей, ведомстволор аралык тергөө тобу Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иштерин иликтөө уланууда.
"Сотко чейинки өндүрүштө мурдагы биринчи вице-премьер Тайыр Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү аныкталды. Муну менен катар Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыгын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Сарпашев өкмөттөгү жооптуу кызматтарды ээлөө менен мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылганы айтылат.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Ташиев "Кумтөр" иши боюнча экс-президенттер да кармаларын эскертти
"Ал кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКына мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, Кумтөр кенинде жайгашкан "Лысый" жана "Давыдов" мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Суу кодексине өзгөртүү киргизүү үчүн өлкөнүн парламентинин кароосуна киргизген", — дешти УКМКдан.
Мындан улам Сарпашев кечээ, 17-июнь күнү, Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") боюнча кылмышка шектүү делип кармалды.
Эми Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын карайт. 
Жаңылыктар түрмөгү
0