Садыр Жапаров Нарынды кыдырат

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Президент "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктун көрүп, инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу пландары менен таанышмакчы.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарын облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, иш сапардын алкагында өлкө башчы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктун көрүп чыгып, инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу пландары менен таанышат. Ошондой эле жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрө турганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0