Көйгөй менде болсо, азыр иштен кетем… Марипов агынан жарылганда

© Фото / пресс-служба ЖКМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Өкмөт башчы эгер протокол болбогондо күзөтчүсү жок эле жөө жүрмөктүгүн белгиледи. Ошондой эле ал күнү-түнү иштеп жатканын айтып, жоопкерчилик алууга даяр экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөр ага байланыштуу болуп жаткан болсо, азыр кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.
Жогорку Кеңештин агрардык саясат, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетинин жыйынында суунун тартыштыгы талкууланып, депутаттар аткаминерлерди сындап жатышат. Марипов депутаттардын сын пикирин туура кабыл аларын айтып, жоопкерчиликти алууга даяр экенин белгиледи. Ошондой эле көйгөй тез эле чечилип калбай турганын кошумчалады.
"Мен учурда жыргап, канааттануу менен иштеп жаткан жерим жок. Кыйынчылыктардан улам уктабай иштеп жатабыз. Биздин максат — маселени чечүү. Мына, президентибиз Кумтөрдөн баштап бардык маселелерди алдыбызга коюп жатат. Эгер мен пара алып же бирөөнү кызматка койгон болсом, азыр иштен кеткенге даярмын. Бирок ошол эле учурда, урматтуу депутаттар, мен жоопкерчилик алганга да даярмын. Мен бул кызматка ошон үчүн келгем. Учурда эл туура эле асылып жатат. Күнөө бизде, жетекчилерде. Капиталдык сурамдар жетишпей жатат, суранып жатасыздар, мен болсо чече албай жатам. Суу жетпей жатат. Эми ушул маселелерди, кудай буйруса, чогуу чечип чыгабыз да. Бири-бирибизди чукулап, кызматтан алуудан эч бир маселе чечилбейт. Өкмөттү ар алты айда алмаштыралы, ошондо бир нерсе чечилеби? Эмоцияга алдырып жатсам кечирип коюңуздар… Учурда айлыктын аздыгына карабай иштешибиз керек. Мени канчалык сындасаңыздар дагы ошончо көп иштеп берүүгө даярмын, урматтуу депутаттар. Электр энергиясы боюнча дагы жоопкерчиликти алууга даярмын", — деди Марипов.
Жыйында депутат Акылбек Кемелов өкмөт башчы күзөтчүлөрүн алып салып, элдин көйгөйүн өз көзү менен көрүүгө чакырып кетти.
Буга Марипов төмөнкүчө жооп берди.
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
"Э" дебе мага!" Депутаттар Кемелов менен Мурашев мушташып кете жаздады. Видео
"Сиздин сыныңызды кабыл алдым. Күзөт боюнча айта кетейин. Эгер мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе, жөө басканга даярмын. Күзөт мындай турсун, айдоочусу жок эле жүрчүмүн. Протокол менен жүргөн мага деле оор болуп жатат. Мен деле жөнөкөй адаммын, жөнөкөй жашоону сагынам, бирок ишимди улантып жатам. Мамлекет менин коопсуздугумду камсыздап жатканына күнөөлүү эмесмин. Дагы бир жолу айта кетейин, эгер мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, жөө эле жүрөм", — деди өкмөт башчы.
Эске салсак, буга чейин фермерлер суу тартыштыгы боюнча көйгөйдү айтып чыгышкан. Алардын айтымында, Чүй облусунда суу жетишпей жаткандыктан алты миң гектар жер куурап калды. Бийлик болсо салкын аба ырайына байланыштуу мөңгүлөр эрибей жатканын жүйө келтирүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0