Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү

© REUTERS / POOLРоссия президенти Владимир Путин АКШнын лидери Жо Байден менен Женевада жолугушуу учрунда
Россия президенти Владимир Путин АКШнын лидери Жо Байден менен Женевада жолугушуу учрунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Жакын арада Россия менен АКШ тынчтыкты сактоо боюнча эки тараптуу комплекстүү диалог жүргүзөрүн билдиришти.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. АКШ лидери Жо Байден менен Россиянын президенти Владимир Путин Женевадагы жолугушуунун аягында биргелешкен билдирүү таратты.
Анда тараптар “эң катаал учурда дагы өзөктүк согушту, куралдуу конфликттерди болтурбоо боюнча биргелешкен аракеттеринде прогресске жете аларын” айтышты.
“Жакында эле АКШ менен Россиянын ортосундагы көп тараптуу куралды жайылтпоо келишими кайрадан узартылды. Бул өзөктүк куралды көзөмөлдөп туруунун тарапташтары экенибизден кабар берет. Биз азыр өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт жана ал эч качан турмуш жүзүнө ашпашы керек деген позицияны карманабыз”, — деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.
Ошондой эле жакын арада эки держава тынчтыкты сактоо боюнча эки тараптуу комплекстүү диалог жүргүзөрү кошумчаланды.
Эске салсак, бүгүн Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жаңылыктар түрмөгү
0