Садыр Жапаров Сауд Арабия падышасын Кыргызстанга чакырды

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевСауд Арабия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд. Архив
Сауд Арабия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы падышаны эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана достук мамилелерди чыңдоо максатында чакырган.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүү келечеги, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар талкууланды.
“Президент Сауд Арабиясы менен эки өлкөнүн бир тууган элинин кызыкчылыгындагы өз ара колдоо жана ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин айтты. Аны менен катар Кыргызстанга оор мезгилдерде ар дайым көмөктөшүп келгендигин баса белгиледи. Эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана достук мамилелерди чыңдоо максатында Сауд Арабия падышасын Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды”, — деп жазылат маалыматта.
Өз кезегинде Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакырууга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилегени айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0