09:38 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
307 0 0

Эксперттердин пикиринде, россиялык лидер Киев жана НАТО үчүн кызыл чийин чийди. Андан аттоо олуттуу кесепеттерге кептейт.

Никита Чикунов, Мария Науменко

НАТОнун саммитин жана АКШ лидери Жо Байден менен сүйлөшүүлөрдү утурлай РФ президенти Владимир Путиндин "Россия 1" телеканалына курган маегинде Украина орчундуу темалардан болду. Серепчилер россиялык президенттин кызыл чекти сызганын, андан аттап өтүү Украина жана НАТОну оор кесепеттерге кабыларын боолголошот. Анан да алар мындай жагдай саясий чөйрө менен гана чектелбей турганын белгилешет.

Курулай коркунуч эмес

Украинанын Түндүк атлантикалык альянска мүчө болуп кириши Россия үчүн өз коопсуздугуна түз коркунуч, "кызыл чийинден" өтүү дегенди туюндурат. Бул Владимир Путиндин "Россия 1" телеканалына берген маегинде айтылган негизги ойлордон болду.

Россиялык лидер Польша жана Румыниянын НАТОго кошулушу аталган өлкөлөрдө ракетага каршы коргонуу тутумдарын жайгаштыруу менен аяктаганын, алар сокку уруучу комплекс катары да колдонулушу мүмкүн экенин эске салды. Мындай учурда ракетанын Москвага чейин эсептик учушу 15 мүнөттү түзөт.

"Украина НАТОго мүчө болгонун элестетип көрөлү, Харьков жана мисалга Днепропетровскиден Россиянын Борбордук бөлүгү, Москвага дейре 7-10 мүнөткө кыскарат. Бул биз үчүн "кызыл чекпи" же андай эмеспи?" — деп суроо салат ал.

Украинанын альянска киришине ушул тапта эч кандай кепилдик жоктугун кошумчалайт Владимир Путин. Ошондой эле ал НАТО курамынын кеңейүү процесси 1999-жылы башталган Россия менен Батыштын ортосундагы алаканын сууп же жакшыруу толкунунан көз каранды эместигин эске салды.

"Мунун башаты Крым маселеси жок, Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийинки окуялар боло элек кезге барып такалат. Россиянын жамааттык Батыш, АКШ менен мамилеси тегиз, өнөктөштүк дебесек да кыйла алгылыктуу эле. Анткен менен биз бушайман болгон нерселердин баары жөн гана көз жаздымда калтырылды", — деп белгиледи президент. Бирок НАТО жана бул уюмга умтулган Украина Москва өз коопсуздугун тийиштүү түрдө камсыздай турганын эске алгандары дурус экенин айтат РФ лидери.

Ошондой эле Владимир Путин Ак үйдүн жакындагы эле билдирүүсү боюнча да үн катты. Эске салсак, анда Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө АКШ президенти Жо Байдендин Украинанын альянска кирүүсү туурасындагы сөздөрүн Киев туура эмес түшүнүп алганы айтылган.

"Эмне жөнүндө сүйлөшүшкөн? Эмне боюнча макулдашышты? Биз билбейбиз. Ал эми океан ар жагынан Украинанын президентинин дарегине багытталган жеменин, менимче, мааниси деле жок. Бирок муну биз эске алууга, анан, албетте, ошого жараша өнөктөштөрүбүз менен коопсуздук жаатында өз мамилебизди тийиштүү түрдө түзүүгө тийишпиз", — деп кошумчалайт РФ мамлекет башчысы.

Аскердик эксперт Алексей Леонков: "Москва НАТОнун жайылышына унчукпай коё албайт. Андай кез өттү. Мындан ары чегингенге болбойт, антпесе суверенитетибизге доо кетет. Азыркы кырдаал кызыл чийинге жетип калды. Путиндин сөздөрүн акыркы россиялык эскертүү катары кабылдоо керек", — деп эсептейт эксперт.

Киевди НАТОго түртүү

Өз маегинде Россия президенти Украинанын Түндүк атлантикалык альянска кирүүсү жөнүндөгү сөздөрдү куру кеп деп эсептей турганын жашырган жок. Киевдин эсебинен уюмду кеңейтүү мүмкүндүгү чындап дале бар экенин айтат КМШ өлкөлөрү институтунун жетекчисинин орун басары Владимир Жарихин.

"Башкы көйгөй альянстын өзүндө эмес, АКШнын өзү эле эч кандай коопсуздук кепилдиктерин бербестен Украинаны НАТОго өткөрүү аракетинде. Бул багытта Киев кооптуу америкалык плацдарм, Владимир Путин ушуну баса белгиледи", — деп түшүндүрөт ал.

Украинанын НАТОго кабыл алынышы альянстын Россияга карата кошумча чыңалууну жаратары турулуу иш. Бирок тирешүүнү, болгондо да түз аскердик жаңжалды күчөтүү Батыштын азыркы кызыкчылыктарына туура келбестигине көңүл бурат Алексей Леонков.

"Киев Россия менен согуш жөнүндө (Донбасстагы ички жаңжал тууралуу эмес – ред.) билдирет. Ошол эле убакта НАТОдо Вашингтон келишими бар. Анын бешинчи пунктунда уюмдун мүчөлөрүнүн бирине кол салган мамлекетке каршы жооп кайтаруу каралат. Демек, Украина мүчө болгон шартта альянс согушка кошулууга мажбур болот. Окуянын мындай нук алышын ал жакта эч ким каалабайт", — дейт Леонков.

Украинанын эсебинен альянсты кеңейтүүнүн потенциалдуу залалы пайданы жууп кетерин белгилеп аскердик адистин пикирине саясий талдоочу Ростислав Ищенко да кошулат.

"Украинаны кабыл алуу үчүн ар кандай жана дээрлик мүмкүн болбогон окуялар дал келиши керек. Бул демилгени колдогондор АКШ, Украина, Франция жана Германияда бийликке бир убакта келиши абзел (2008-жылы Европадагы дал ушул эки өлкө Украина жана Грузиянын НАТОго мүчөлүк боюнча пландарын таш каптырган – ред.). Ошондо гана бул демилгенин ишке ашуу мүмкүнчүлүгү болот", — деп түшүндүрөт ал.

Ошону менен бирге эле саясат таануучу Вашингтон келишиминде чечилбеген аймактык жаңжалдары бар өлкөнүн альянска киришин бөгөттөгөн жобо жоктугун айтат. НАТОго 1952-жылы мүчө болушкан Түркия менен Грециянын ортосунда Эге деңизиндеги бир катар аралдар талашы улам козголуп турат.

Орус коомчулугун системалуу түрдө жок кылуу

Россия президенти өз маегинде козгогон дагы бир маанилүү тема – Жогорку Радага Владимир Зеленский тарабынан быйыл май айында киргизилген "Украинанын түпкү элдери жөнүндөгү" чуулгандуу мыйзам долбоору. Документке ылайык, түпкү элдерге мамлекеттик билимге ээ болбогон Украинанын тышындагы, маселен крым татарлары, караим жана крымчактар киргизилет. 2001-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча өлкө калкынын 17,2 пайызын түзгөн орустар бул тизмеге кире албайт.

Владимир Путин украиналык кесиптешинин бул демилгесин жалпы орус калкына карата катуу сокку деп баалады. Бир өлкөнүн жарандарын мындай бөлүп-жаруу улутчул Германиянын тажрыйбасын эске саларын белгиледи.

"Эч кимдин экинчи сорттогу адам болгусу жок. Тил же адамдын кадыресе турмушундагы башка жагдайлар боюнча басмырлоо тууралуу деле унчукпайын, бирок ушундай көрүнүштүн айынан жүз миңдеген, балким, миллиондогон адамдар жер которууга же өздөрүн башкача каттатууга мажбур болушат", — деп боолголоду РФ президенти. Айтмакчы, көз карандысыздык алгандан бери Украинанын ар кыл социологиялык түзүмдөрү чындап эле өз улутун "украин" деп өзгөрткөн учурларды каттаган.

Тынчсыздануулары менен бирге эле Владимир Путиндин бул баасын адилеттүү деп эсептейт саясий баяндамачы Александр Асафов. Ошондой эле ал Зеленскийдин мыйзам долбоору Украинада орустардын укуктарын чектей турган башка документтердин кабыл алынышына негиз болуп берерин кошумчалайт.

"Андай актылар эбак кабыл алууга пландалганын бөркүмдөй көрөм. Алар эмнелерди камтышы ыктымал? Эң оболу мамлекеттик бийлик органдарындагы иштөө тууралуу болушу мүмкүн. Орустарды буга жолотушпайт. Барып-барып отуруп эң негизги укуктарда да чектөөлөр башталышы ажеп эмес. Бул планда Киевге үлгү болчу – "бөтөн" (же "жаран эмес" – ред.) паспорттор берилип, иш жүзүндө укуктук талаада "экинчи сорттогу" адамдардын макамы бекитилген Прибалтика бар эмеспи. Украина ушул багытта баратат", — дейт эксперт.

Ошону менен бирге эле украиналык бийлик мыйзам долбоорунун кесепеттери менен да таптакыр эсептешпегенин белгилейт Александр Асафов. Ал: "Вашингтондун бул тапшырмасы ынтаа менен аткарылат. Ал эми өлкө мындан ары кантип жашары Зеленскийди кабатыр да кылбайт. Бул маселе Москвадан башка эч кимди түйшөлтпөйт. Украина бийлиги негизги — Россия менен туугандык болобу, иш жана тарыхыйбы, айтор бардык байланыштарын бузуу милдетин аткарууда" – дейт ал.

Мыйзамды кабыл алуу Украинада орус коомчулугун жок кылуу процессин тездетерин болжойт РФ президентинин алдындагы улуттар аралык алакалар боюнча кеңештин мүчөсү Богдан Безпалько.

"Бул документ автоматтык түрдө орус деп катталгандарды дароо түпкү элдерге киргизбейт. Демек, бул чектелген укук жана укуктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрүн азайтат.

Маңызында аталган мамлекет мындай адамдардан жүзүн бурууда. Мындай көрүнүштөрдүн баары Украинада орус этносун жок кылууну ылдамдатат. Этнос да эмес, коомчулукту... Орустар менен украиндердин этникалык да, антропологиялык, маданий жана менталдык да эч кандай айырмасы жок. Айырма саясий гана, совет убагында адамдарга таңууланган идентификацияда эле", — дейт ал.

Коомдук ишмердин пикиринде, ушундай басмырлоочу мыйзамдар Украина калкынын жарымынан көбүн түзгөн орус тилдүү жарандарды өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлашы ыктымал.

"Украина каймактары бул тобокелдиктерди эсепке алдыбы? Жок. Элитага негизинен баары бир. Ал баары бир мындай чечимдерди өз алдынча кабылдай албайт. Зеленскийдин демилгесин кабыл алууга аргасыз кылган эки фактор – көз карандысыздык жана суверенитеттин жоктугу", — деп жыйынтыктайт Богдан Безпалько.

Тема боюнча

"Өздүгүн жашырууга аракет кылган". Facebook кимдин цензурасынан өтөт?
Белгилер:
Владимир Путин, Украина, саясат

ЭҢ МААНИЛҮҮ