09:25 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары (24)
67 0 0

Кыргызстандын мамлекет башчысы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен макулдашып кол коюлган келишимдерди ишке ашырууда Улуу Улуттук Жыйындын колдоосу маанилүү экенин белгиледи.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, Анкара шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты жана парламенттер аралык байланышты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Мамлекет башчы Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен макулдашып кол коюлган келишимдерди ишке ашырууда Улуу Улуттук Жыйындын колдоосу маанилүү экенин белгиледи.

Жапаров өлкөлөр ортосундагы ишенимди жогорулатууга зор салым кошуп жаткан парламенттер аралык кызматташтыктын деңгээлин баалады.

"Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) мамлекеттер ортосундагы алаканы өркүндөтүү үчүн бирдиктүү мейкиндикти түзө турган фундаменталдык институт болушу керек", — деди Жапаров.

Соода-экономикалык өз ара мамилелерге токтолгон президент Садыр Жапаров Түркия рыногунда кыргыз продукцияларын көбөйтүү, өнөр жай тармагында кызматташууну кеңейтүү, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү, айыл чарба, текстиль, тоо-кен жана гидроэнергетика тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи.

Ал эми Мустафа Шентоп Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз өлкөсүнүн өсүп-өнүгүшүн каалады. Ошондой эле Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуялар маалында каза болгондордун туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тиледи.

Улуттук Жыйындын төрагасы Түркия менен Кыргызстан бир тууган өлкөлөр экенин, аларды жалпы маданият менен тили бириктирип турарын баса белгиледи.

"Шентоп түрк тараптын соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүүгө, колдо бар потенциалды эске алуу менен эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнү бир миллиард долларга чейин көбөйтүүгө кызыкчылыгы бар экенин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүү учурунда Түркия билим берүү, маданият, саламаттык сактоо жаатындагы биргелешкен долбоорлорду андан ары өнүктүрүү, илгерилетүү ниетинде экени белгиленди. Анын ичинде расмий ачылышы пландаштырылып жаткан эки өлкө ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы ири долбоорлордун бири болгон Бишкектеги кыргыз-түрк достугунун мамлекеттик ооруканасы бар.

Тема:
Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары (24)

Тема боюнча

Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму жыйынтыкталды
Жубайы менен барган биринчи өлкө. Жапаровдун Түркиядагы сапарынан сүрөттөр
Белгилер:
Садыр Жапаров, Түркия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ